Menu

Кыргызстан Казакстандын тоок этине киргизген чектөөнү алып салды

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Ветеринардык жана санитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Казакстандан тоок этин ташып келүүгө киргизген чектөөнү алып салды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда чектөө Казакстан тараптан тиешелүү чара көрүлгөн соң алынган.

Кыргызстандын Ветеринардык жана санитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Казакстандан тоок этин ташып келүүгө 8-октябрда убактылуу чектөө киргизген. Буга коңшу өлкөнүн Кыргызстан менен чектеш аймактарында куш тумоосу боюнча маалыматтардын чыгышы себеп болгону айтылган.

Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргызстан киргизген чектөөнү “мыйзамсыз” деп баалап, 12-октябрда Кыргызстандан эт азыктарын ташып кирүүгө убактылуу чектөө киргизген.

Кыргыз тарап мындай чечимге макул болбой, расмий кайрылуу даярдап жатканын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: