Башкы прокуратура Бишкек шаарына тиешелүү Түштүк-Батыш көрүстөнүндөгү инженердик коммуникация — жолдору, жол чекелери, жерди сугарган система жаткырылган аймактар киши көмүү үчүн мыйзамсыз берилип кеткен. Киши көмүлгөн деген жерлерди текшере келгенде, сөөк жок бош болуп чыкканын аныктап чыкты. «Аза кызматын көрсөткөн Бишкек агенттиги» муниципалдык ишканасынын жетекчилерине кылмыш иши козголуп, иш тергөөгө жиберилди. Белгилей кетсек, аталган агенттикти Биринчи Май районунун мурунку акими Аскербек Алиев жетектейт. Ал дагы жетекчи катары бул кылмыштуу ишке түздөн-түз жооп бериши зарыл.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ