Menu

Максат Мамытканов, саясый серепчи: Чыңгыз Айдарбеков иш жүзүндө Сергей Лавров менен кантип сүйлөшөт?

Бөлүшүү:

– Россия менен Өзбекстан биргеликте 11 млрд. долларлык электростанция куруп баштаганын айтып чыктыңыз. Биздин Жогорку-Нарын ГЭСи эмне болду?

– Өзбекстан Орусия менен биргеликте баасы 11 млрд. доллар турган атомдук электростанциясын куруп башташты. Европалыктар болсо ошол эле Өзбекстанга шамал үйлөгөн электростанция курганы турушат. Анын баасы 500 млн. доллар. Бул электростанция 2020-жылдарга бүтүүсү пландаштырылууда. А биз болсо кичинекей Жогорку-Нарын ГЭСин курдура албадык. Орусиянын «РусГидро» компаниясы «Жогорку Нарын каскады» долбооруна байланыштуу 37 миллион долларды өндүрүү үчүн Кыргызстанды сотко берди. Эми анын кесепетин тартып, ал миллиондорду төлөйбүз. «РусГидро» жөнөкөй эле чакан акционердик коом. Алар биздикилерди күттү, «биз менен биргеликте кайра курууга көңүлдөрү болобу?» деп күтүштү. Аягында тажашты да сотко берип салышты. Бул сот эми жыддап боло берет. Бери жагы эки-үч жылга созулат. Ал соттун чечими чыкканча дагы көп убакыт бар. Орустар биздикилерди атайын сотко берип жатат. «Бизге уруксат бергиле биз куруп берели, ич ара келишимдерибизди түзүп алалы, кыргыз өкмөтү ойлонобу, кандай чечимге барат?» деп сынап сырттан карап турушат. Мындай көрүнүштөн соң өзбектер мындай чоң келишимди түзө алышат. Бизчи? «Деги биздин өлкө башчысы, өкмөт башчысы кимдер?» деген ой келбей койбойт. Зээниң кейибей койбойт.

– Учурдагы кадр алмашууга кандай көз карашыңыз бар? Мисалы, бүгүн тышкы иштер министрине Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин ЖК депутаттары колдоп беришти…

– Даяр кадрлар жок бизде. Сунушталган кадрлар кайдан пайда боло калганын эч ким билбейт. Алардын тажрыйбасы кандай экенин да эч ким билбейт. Мына, тышкы иштер министрлигине Чыңгыз Айдарбековду, жапжаш баланы коюп жатышат. Эми ошол жаш бала барып, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен кандай деңгээлде сүйлөшүү жүргүзө алат? Кытайдын тышкы иштер министри менен кандай келишимдерди түзө алат? Ал жаш бала Кыргызстанды кандай деңгээлде көрсөтө алат? Кеп ошондо.

– Президенттин бир жылдыгын кандай бааладыңыз?

– Бир жылдын ичинде көп нерселер болду. Бир өкмөт кетти. Коррупция менен камалып жатышат. Бирок, ошол иштердин жыйынтыгы чыга элек. Камалгандар соттолобу? Алардын уурдаган акчалары кайтып келеби? Биздин эмки саясат кандай болот?.. Али айтууга эрте.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: