Menu

Сапар Исаков 5- декабрга чейин камакта калды

Бөлүшүү:

Бүгүн 18-октябрда Бишкек шаардык соту экс-премьер-министр Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды.

Сот отурумунда Исаковго сөз берилип, ал мындай деди.

“Өлкөдөн эч жакка качып кетпей турганымды мурда деле айтып келгенмин, мен качууга эч кандай негиз жок. Мен дайыма өз өлкөм үчүн таза иштегенмин, өлкөмдүн өнүгүшүн гана каалагам. Биз дайыма мамлекеттин кызыкчыгылы үчүн күрөшкөнбүз. Ошондуктан ураматтуу сот, бул кырдаалдын баарын карап, эмне үчүн мындай оюндар болуп жаткандыгы тууралуу ойлонууну өтүнөм. Алгач башкача баш коргоо чарасын кабыл алышып, андан кийин аны УКМКнын тергөө органдарынын бүтүмүнө таянып, кайра өзгөртүп жатышат. Мен өз мекенимден эч жакка качып кетпейм. Залда мени колдоп келген катышуучуларга ыраазычылык билдирем. 10 миң адам ачык кат жолдогонун билем, аларга рахмат», – деди Исаков.

Эскерте кетсек, 29-майда Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу “жемкорлук” беренеси боюнча айып тагылып, 5-июнда эки айга камакка алынган. 31-июлда анын абактагы тергөө мөөнөтү дагы эки айга узартылган. 1-октябрда Биринчи Май райондук соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду 5- декабрга чейин тергөө абагында калуу тууралуу чечим чыгарган.  

Булак: Кyrgyztoday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: