Menu

Видео – Аламан улактын баш байгесиндеги алтын кур 140 миң сомго жасалды

Бөлүшүү:

Ноокат районунун Кулатов айыл аймагында 14-октябрда 90 жылдык мааракенин урматына уюштурулган аламан улак тартыштын жыйынтыгы менен алтын курду Кулатов айыл өкмөтүнүн көк бөрүчүсү Жали Султанов утуп алды. Айта кетчү нерсе аламан улак тартыштын баш байгесине алтын кур коюлган. Коңшу өлкөлөрдөн бери келген 500 улакчынын катышуусундагы көк бөрүнү маараке ээси Камал Зикировдун неберелери белек катары уюштурушкан болчу.

Ал эми баш байгедеги кур Бишкек шаарында атайын буйрутма менен алтындан жасалганын аламан улактын уюштуруучусу Бектур Зикиров кабарчыга билдирди. Анын айтымында, байгеге алтын курдан сырткары унаа, топоз, 10 кой, токулган тайлар жана баалуу белектер, акчалай сыйлыктар коюлган.

Мындан тышкары бул оюнга Даниядан келген туристтер да күбө болушкан. Аламан көк бөрүдө оюнчулар команда болуп бирикпестен, ар бири улакты тай казанга таштоо менен өзүнө упай топтошот. Анын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: