Menu

Депутат Нодырбек Каримов жол кырсыгына учурап, анда апасынан айрылды

Бөлүшүү:

Кечээ, 21-октябрда Жайыл районуна караштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 205-чакырымында Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Нодырбек Каримов жол кырсыгына учурап, анда эл өкүлүнүн 1949-жылы туулган апасы каза болгон. Каримов өзү Токтогулдагы  жакынкы ооруканалардын бирине жеткирилген. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан маалымдашты.

Алардын айтымында рулду депутат өзү башкарып бара жатканда унаа аңтарылып кеткен.

Иштин толук маалыматтары азырынча белгисиз.

Маалымдама:

Нодырбек Каримов 1970-жылы Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда туулган

1993-жылы Алматы шаарындагы жеңил жана тамак өнөр жай технологиялык институтун аяктаган

Эмгек жолун 1993-жылы  Өзгөн районундагы нан заводунда баштаган

1998-2013-жылдары Т. Каримов атындагы “Өзгөн Дан Азык” АКнун башкаруучулар  төрагасы

2013-жылдын 19-декабрында Өзгөн шаарынын мэри болуп дайындалган.

2015-жылдын 4-октябрында  Жогорку Кеңешке КСДП фракциясынан депутат болуп шайланган

Үй бүлөлүү, 4 баланын атасы

Булак:KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: