Menu

Жаңы чакырык: Диний сектага кирип балдарын мектепке жибербеген түркөйлөр чыкты

Бөлүшүү:

Булан институтунун “Мектеп жана жаңы муун” программасында Ысык-Көл районунда “Йакын-Инкар” диний агымына кирген ата-энелер балдарын үйүндө кармап, мектепке жибербей жаткандыгы тууралуу талкуу болду. Ага мурунку билим берүү жана шим министри, профессор Каныбек Осмоналиев жана ички иштер мшистрлигшин өкүлү Манас Аманбаев катышып өз пикирлерин билдиришти.

– Бул үй-бүлөлөрдүн балдары мектепке барбай, коомчулукка да аралашпайт экен. Бул абдан коркунучтуу тенденция экендиги талашсыз. Кырдаал канчалык кооптуу жана алар менен кантип күрөшүү керек?

К.Осмоналиев:

– Мен Булан институтунун изилдөөлөрүнүн тыянактарынын бардыгына макулмун. Себеби Булан институту биздин Кыргызстандагы ички институттардан айырмаланып, алар бардыгын ачык-айкын, эч кандай күчтөргө багынбастан изилдегени көрүнүп турат. Биз биринчи эле кезекте мектеп деген эмне дегенде – бул жалпы билим берүү системасы, бул сабатсыздыкты жоюу, баланын биринчи кадамдары, элдин келечеги, мамлекеттин, жаш муундун базасы катары көрүшүбүз керек. Ал эми дин деген бул эмне? Дин жашоого болгон көз караш, аны философиялык категория деп койсок да болот. Дин эркиндиги дегенден кийин биз эркиндик беришибиз керек. Бирок тилекке каршы, ошол эле ислам дини болобу, христиан диндеринин секталары болобу бардык диндердин өз ара иштеринде бир топ көйгөйлөр бар. Ал көйгөйлөр болуп келген, мындан ары да боло берет. Мамлекет эмнеси менен акылдуу саясат жүргүзөт, эмнеси менен күчтүү бүгүнкү заманбап мамлекет? Ал ошол дин ишенимин жана мамлекеттин функцияларын так жана айырмалай билгендигинде. Дин менен ойноп, дин менен эрмектешип аны кандайдыр бир саясий күчтөргө, же саясий максаттарга жетүүгө пайдалангандыгыбыздын кесепети бүгүнкү күнгө алып келип жатат. “Йакын Инкар” диний агымы азыркы жогорку бийликте отургандардын 80 пайызы бүгүнкү күнгө чейин колдоп келе жаткан “Таблигый” жамааттын эле бир канаты, бир бутагы болуп эсептелет. Мен бул нерсени далилдегенге даярмын. “Таблигый” жамаатка тыюу салалы деп, 2009-жылы Башкы прокуратурага кайрылганбыз. Бирок алар эч кандай каттоодон өткөн эмес, тынч эле жүрүшөт деп коюшкан. Мына эми алардын оң канаттары, сол канаттары чыкты. Биринчи аяр басышып, жытуу сүйлөп, жумшак иамиле кылган болушса, азыр агрессивдүү түрдө кээ бир ата-энелерди өздөрүнүн карамагына тартып алышып караңгылыка сүйрөп, балдарды окууга жибербей жатышат. Баланы мектепке жибербөө бул Конституциялык норманы бузуу деген сөз. КРнын Конституциясы боюнча балдарды милдеттүү түрдө 9-класска чейин окутушубуз керек. Окутпаса ата-эне сот алдында жооп бериш керек. Мамлекет, Өкмөт өзү баш болуп бардык ресурстарды колдонуп, Конституциянын нормаларына туура келе турган саясатты жүргүзбөсө, мунун аягы трагедия менен бүтөт.

-Ички иштер министрлиги бул боюнча чараларды көрүшү керекпи? Бүгүнкү күндө атайын алдын ала иштерин жүргүзүп, өлкөбүздөгү медресе, мечиттерди кыдырып жатышыптыр. Сиз дагы бир топ медреселерди кыдырып келдиңиз, мыйзам боюнча 9-классты бүткөн гана окуучу медреседе билим ала алат экен. Сиздер кыдырган медреселерде жашы жете элек балдар кездештиби?

М.Аманбаев:

-Чындыгында бул көйгөй бар. Муну моюнга алыш керек. Бирок бул багытта Ички иштер министрлиги тарабынан масштабдуу түрдө, акыркы 2-3-жыл аралыгында медреселерди жер-жерлеринде кыдырып, керектүү, тийиштүү маалыматтарды берип жатабыз. Биздин кооомубузга чоң коркунуч алып келе турган, коомдук абалга чоң таасирин тийгизе турган агымдар дейбизби же диний көз караштарбы, же диний уюмдардын өздөрүнүн бир максаты дейбизби, ушул нерселер медреселерге таасирин тийгизбесин деп алдын алуу иштерин жүргүзүп турабыз. Акыркы 2017-жылы жасалган иш-чараларды айта турган болсок, жер- жерлердеги бөлүмдөр эмес, башкы башкармалыктагы бөлүм тарабынан 30 миндей адамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Анда биз ошол диний агымдардын өзгөчөлүктөрүн, бизге кандай коркунучу бар, келечекте бизге кандай таасири тиет дегендер жөнүндө маалымат бердик. Мамлекетибиздин баш мыйзамында укуктук мамлекет деген принцип бар. Биз ага таяна турган болсок, бардык нерсени мыйзам чегинде, мыйзамда көрсөтүлгөн эреже, тартип менен бул нерселерди алдын ала түшүндүрүп айтып өтүшүбүз керек. Практика жүзүндө кээ бир учурларда көрүп жатабыз, билим берүү, дин тутуу эркиндигиндиги жөнүндө мыйзамдарында ата-эне милдеттүү түрдө баласын окутуш керек деген тартип эрежени билишпейт, ошол мыйзамдарды дегеле түшүнүшпөйт. Ошол эле мыйзамда көрсөтүлүп турат “Жалпы орто билим алуу – бул милдеттүү” деп, бирок медреседе билим алуу милдеттүү деп эч бир мыйзамда көрсөтүлгөн эмес. Биз изилдеп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келген медреселерден бир нерсени байкадык. Балдардын критикалык ой жүгүртүүсү өтө тар экендигин, бир эле динди гана үйрөнүп, коомдогу болуп жаткан процесстерден калып калышкандыгын. Бүгүнкү күндө медреселердин санына эмес, сапатына өтөлү деп айтып жатабыз. Аз болсун, бирок сапаттуу жана бирдиктүү окуу программасы болсун. Медресени ачуу максаты дагы өтө маанилүү. Ачыгын айтыш керек, кээ бирлери сырт жактан финансылык каражат алыш үчүн же финансылык каражат жактан ошол медресени көрсөтүш үчүн гана кармап турган медреселер бар. Кээ бир медреселер чындап эле мамлекети-бизге, элибизге, талапка ылайык жооп берет. Көпчүлүгүндө билим деңгээли бир эле куранды жаттоо менен, шариатгын бир бөлүмүн үйрөнүү менен эле чектелет. Эртеңки күнү ал медресени бүткөндөр кандай адис болушат? Бул биздин коомубуздагы, мамлекеттик деңгээлдеги эмес, жөнөкөй диний чөйрөдөгү тармактарда бул кишилер кандай иш алып барат деген маселе. Себеби ал кишилер сөзсүз бир мечитган имамы болсо дагы, ал жерге барганда түздөн-түз эл менен иштешет. Эл келип сурайт, талап кылат, бул маселени чечип бер дейт, анан ошол  шариат боюнча толук илим албаса, куранды гана жаттаган болсо, бул адам кантип кишилерге толук кандуу жооп бере алат. Түшүндүрүү иштерин эки тараптуу баскыч менен жүргүзгөнгө аракет кылып жатабыз. Биринчи жагы бул мыйзамдуу тарабын толук түрдө жеткирүүгө аракет кылуу. Экинчиси, ушул биздин коомубузга сырттан келип жаткан агымдардын, диний көз караштардын бизге тийгизип жаткан таасирлерин аларга туура багытта жеткирүү.

– Ысык-Көлдөгү балдарын мектепке жибербей койгон инкарчылар сот жообуна тартылып, алар азыр камакта экен. Ушинтип күч колдонуп, соттоо аркылуу бул маселени чече алабызбы?

К.Осмоналиев:

-Күч колдонуу дегенде эле камап же болбосо катуу тийип деген нерсени түшүнбөш керек. Ички иштер министрлигинин, жалпы эле прокуратуранын иштерине абдан ыраазымын. Алар көрүнүктүү натыйжалар менен гана күрөшүшөт. А себептер менен ким күрөшөт? Ата-энеден баштап, өзүбүз күрөшүбүз керек, Билим берүү, маданият министрлиги, Дин агенттиги дагы. Менимче бул министрликтерде бир дагы байланыш жок. Азыр 100гө жакын медресе, тогуз ислам инстигуту, бир ислам университети бар. Алардын бардыгын бириктире келсе Кыргызстанга бир-эки эле медресе, бир университет жетчүдөй. Окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, заманбап, бүгүнкү талапка туура келе турган аалымдары, мударистери болушу керек. Дүйнөлүк алдыңкы мамлекетгер бул көйгөйдү катуу тартипти орнотуу менен чечип жатышат. Алдына бөгөт коюу жолдору менен. Бизде дин эркиндиги бар, бирок дин ээнбаштыгы он эсе, миң эсе көбөйүп кетти. Мисалы, Германия христиан багытындагы маселени чечүүдө алар жалпы оилим берүү адистештирилген лицейлерин ачышкан. Түркия болсо “Имам Хатиб” лицейлерин ачты, алар балдарды жалпы орто билим берүү программасы менен окутушат, колдоруна аттестат беришет. Айтаарым, 9-классты бүткөнгө чейин эле ата-эне баласын бердиби, дароо сотко бериш керек. Ата-эне жооп бериш керек, бул Конституцияда, үй-бүлөлүк кодексте, билим берүү мыйзамында да жазылган. Медреселердин секулярдык, светтик билимди берем дегенине мен ишенбейм. Ал нерселер колдорунан келбейт. Менимче Билим берүү жана илим министрлигинин алдында Германия, Түркия, Японияга окшоштуруп атайын диний жалпы билим берүү башкармалыгын ачыш керек. Дүйнөлүк диндердин маданиятын, тарыхын окутуш керек мектептерден. Биздеги медресе башчыларынын бардыгы бүгүнкү күндө чет элдик диний эмиссарлардын эле кулу болуп жүрүшөт.

– Ички иштер министрлиги медреселерди кыдырып профилактикалык иштерди жүргүзүп жатыптыр. Диний окуу жайлардын абалы, билим берүү сапаты кандай? Медрсеге кирген балдар өздөрү күткөндөй билимди толук алып жатышабы жана экстремизм, радикализм деген нерселердин булактары ушундай жерлерден чыкпайбы деген дагы кооптонуулар бар.

М.Аманбаев:

-Алдын ала иш-чаралар боюнча алгылыктуу жумуштар жасалып жатат. Бирок коопсуздук маселесине басым жасай турган болсок, эгерде бүгүнкү күндө коомубуздун арасындагы диний чөйрөдөгү, диний көз караштагы топтордун, группалардын, агымдардын же ошол эле идеологиядагы көз караштардын тараптары эгер ал кишилерди колдоно турган болсо, бул өтө чоң коркунуч. Себеби эртеңки күнү чоң жолду ачкан турат. Азыр диний агымдар боюнча эң чоң үч көйгөй бар: “Хизб ут-Тахрир”, “Йакын Инкар” анан салафийлик. Эмне үчүн ата-энеси баласын мектепке жибербей жатат? Анын үч багыты бар: биринчи багытындагылар толугу менен балдарын мектепке жибербей жатышкандар, экинчи багытындагылар “мен мектепке бербейм, анткени мектептин шарты начар, менин көөнүмө толук жооп бербегендиги үчүн” деп жаткандар. Үчүнчү тараптар “мектепте окутуп жаткандар булар каапырлар, мектептеги музыка сабагы бул арам, сүрөт тартуу сабагында адамдын сүрөтүн тартуу да арам” дегендер. Мектептин майрамдык иш-чараларын арам деп балдарын жибербеген ата-энелер да бар. Булар өздөрүнүн диний көз караштарына таянып эле аша чаап кетип жатышат. Ар бир нерсенин чеги болуш керек. Макул дин эркиндигин бердик, бирок силер аша чаппаңыздар деп, багыт берип көрсөтүп жатабыз. Аша чаап кеткендин кесепетинен ушул көйгөйлөр чыгып жатат. Бул маселени так изилдеп, аракет кылып жумушубузду жасап жатабыз.

Айгул Кыштобаева

Булак: «Фабула»

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: