Menu

Баткенде аткаминер майыптын жерин тартып алган, аны Икрамжан Илмиянов “крышевать” эткен

Бөлүшүү:

Баткен облусунун жашоочулары мамлекеттик облустук архивдин башчысы тарабынан болгон рейдерлик басып алуулар жөнүндө айтышууда.

Баткен облусунун мамлекеттик архивинин жетекчиси Камалдин Ахмедов документтерди жасалмалоо жолу менен  Баткен районуна караштуу Кызыл-Бел айылынын тургуну, 1-топтогу майып, баатыр эне Токтайым Мурзаеванын жерин тилкесин тартып алган.

Аталган факт боюнча жабырлануучу жолдошу менен бирге өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдогон.

Бул тууралуу документти жарандык активист Роза Маманова бүгүн, 22-октябрда жарыялады.

Жабырлануучулардын кайрылуусунда облустук архивдин жетекчисин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов “крышевать” эткени жазылган.

Соттук териштирүүлөр 2003-жылы башталганы айтылат. Анда Кызыл-Бел айылынын өкмөтү Мурзаевдер бардык салыктарды төлөп турат деген токтом чыгарган, бирок сот чечимди Ахмедовдун пайдасына чыгарган, анткени  айрым сөздөргө караганда сотко Икрамжан Илмиянов басым көрсөткөн.

“Ахмедов сотко кайрылып Мирзаевдердин кызыл китебин жараксыз деп табууну талап кылган. Тагыраак айтканда, облустук архивдин жетекчисинин колунда эч документ болбогондуктан, айыл өкмөтүнүн ордуна Эмгек жана Миграция адиси Анаркул Темиркулов кол койгон. Алар аны менен ижара тууралуу келишим түзүшкөн.”-деп айтылат документте.

Бул иште башка жабырлануучулар дагы бар экени айтылууда.

“Кыргыз Республикасынын жер кодексине ылайык, жер тилкесин ижарага берүүгө айыл өкмөтү гана укуктуу экендиги белгилүү, Ахмедов болсо Илмияновдун колдоосу менен дагы бир Кызыл-Белдин жашоочусу Жалалдын Амаловдун 20 сотых жерин тартып алган,”-деп жазылган кайрылууда.

Андан сырткары, Мурзаевдердин айтымында Ахмедов айылдагы муниципалдык жерлердин бардыгын дагы өздөштүрүп алган.

“Кызыл-Бел айылында бир дагы бала бакча жана мектеп жок, облустук архивдин жетекчиси өзүнүн кызмат ордун пайдаланып бул мекемелерди курууга арналган жерлерди менчиктештирип алган. Жөнөкөй жарандардын көйгөйлөрүнө көңүл буруп, жардам берүүңүздү, Камалдин Ахмедовго карата чара көрүүңүздү суранабыз”,-деп жазылган кайрылууда.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 96 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: