Menu

Канадада марихуана мыйзамдаштырылгандан кийин 2 күн өтпөй дүкөндөрдө түгөнүп калды

Бөлүшүү:

Канадада марихуананы легализациялоодон кийин 2 күн өтпөй атайын дүкөндөрдө аталган наркотик жок калды. Бул тууралуу Independent басылмасы жазып чыккан.

Сатып алууга жетишпей калган марихуананын сүйүүчүлөрү менен болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн дүкөндөрдүн ээлери полиция кызматкерлерин чакырышкан.

Аталган көйгөй боюнча наркотикти легализациялоо программасынын башында турган мурдагы полиция жетекчиси Торонто  Билли Блэр төмөнкүнү айткан:

“Мамлекет калктын талабын канаатандырууга жеткидей марихуана менен камсыздай алган жок, бирок Канаданын инфраструктурасынын сапаты марихуананын жетишсиздигине алы жетет”- деди Блэр.

Жаңы мыйзамга ылайык, эми Канаданын жарандары жанында 30 граммга чейин марихуана алып жүрүүгө, аталган өсүмдүктү төрт даанага чейин өстүрүүгө уруксаат алышкан. Муну менен Канада дүйнө жүзүндөгү экинчи, бирок өнөр жайы өнүккөн биринчи рекреациондук марихуананы мыйзамдаштырган өлкө болду.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: