Menu

Мураталы Тагаев, Жалал-Абад шаарынын мэри: «Президент Жээнбековго куда болгонум менен өз жолумду өзгөлөрдү кийлигиштирбей таап келатам»

Бөлүшүү:

— Сиз келгениңизге 100 күн болуп калыптыр ишти эмнеден баштадыңыз. Эмнени бүтүрдүңүз?

— Чу дегенде эле, эң биринчи шаардын көйгөйлүү маселелерине өттүк өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чечимине ылайык, авариялык абалда турган шаарыбыздагы № 6 мектепти кайра жаңы салып берүү боюнча жалпы баасы 79 млн. сомдук сметага ылайыкталган тендер өткөрүлүп аны 59 млн. сомго чейин үнөмдөп 270 орундуу чоң типовой мектепти бүткөрүп алууга жетиштик. Кезегинде аталган мектеп боюнча Жалал-Абад шаарынын калкы, (ошол кезде Премьер-министр болуп турган) С. Жээнбековго кайрылышкан. Президент кол сунуп, биз жигердүү киришип жаңы окуу жылынын ачылышына карата шаарлыктарга зор кубаныч тартууланды. Ага кошумча бир жуманын ичинде шаар бюджетибиздин эсебинен (каралбай калган) мектепке барчу жолдорду асфальттаттык. Бишкекте Ош базары эки ирет өрттөнүп Жалал-Абадда ошондой окуялар кайталанганын жакшы билесиздер. Бир жума ичинде базарлардын менчиктешип кеткенине карабай ирээтке келтирип, өрт өчүргүчтөр кире турган жолдорду ачып, оперативдүү түрдө базарларга “гидрант курларын” алып кирип, “гидрант” маселесин чечтик,

— Ооба, Союз мезгилинен бери эгемендүүлүккө ээ болгон 28 жылдык тарахыбызда мындай чечкиндүү иш чаралар болгон эмес деп, Сиздин ишмердүүлүгүңүзгө шаарлыктар бийик баа берип жылуу пикирлерин айтып жатышат. Балким, Президент С. Жээнбеков кудаңыз жардам берип жаткан жокбу? Шаарды кескин өзгөртүп, жогору жактан бюджетиңизге кабалтең акча бөлдүрүп жаткан жоксузбу?

— Андай маалыматтарга негиз жок. Бюджетти шаардык кеңеш эчак эле бекитип койгон. Биринчиден Президент Сооронбай Шарипович мага эмес менин агама “Куда” болот. Экинчиден нике кайып буйруса, кызыбыздын тандоосуна, сүйүүсүнө, өз макулдугун берүүсүнө ата-эне, бир туугандардын эч кандай акысы да, тиешеси да жок!

Ал эми Мэр катары шаардыктардын алдында өз милдетимди абийирдүү аткарып жатамын. Үй-бүлөдөн алган тарбиябызга ылайык биз Тагаевдер өз жолубузду өзүбүз түптөп кесибибизди чеберчилик жана милдетибизди жоопкерчиликтүү аткарууга тийишпиз. Эмгек жолум, өз мээнетиме гана таандык. Катардагы адистен баштап бөлүм жетекчиге чейин, ири ишкана жетекчиси, 3 жолку чакырылыштын депутаты. 2 чакырылыштын Төрагасы болдум. Ар бир тепкичтин кызматын аткарууда кудаларым эмес ата-эне, бир туугандарыма да, таянган эмесмин.

Бул өмүрдө, эмгегим менен из калтырып, талкалоочу эмес, жаратуучу болгум келет. Өлкөбүздүн Бишкек, Ош шаарларынан кийин үчүнчү орунда турган шаар калкынын мага берип жаткан баасынан жогору эч нерсе жок.

— Аткаруу менен буйрук берип башкаруунун айырмасы канчалык экен. Себеби, мурда депутат катары чечим чыгарып аткаруу бийлигине буйрук берчүсүңөр. Учурда, буйрук чечимдерди кантип аткарып жатасыз?

— Чынында башкаруу менен аткаруунун асман менен жердей айрымасы бар. Бирок мага буга чейин эле шаардагы бардык маселелер белгилүү болчу. Себеби депутат, Төрага болуп Эл жүгүн аркалап жүргөндө эле шаар жетекчилерине, шаар көйгөйүн максималдуу жана максаттуу чечтирүүгө мажбурлачубуз. Ошондой ири-чоң курулуштардын бири жер алдынан өтүүчү өтмөк (подземный переход), шаар жүргүнчүлөрүнүн коопсуздугу үчүн, жолдорубуз тар болгондуктан, калкыбызга шарт түзүү максатында 2018-жылдын май айынын этегинен башталган. Курулушу менин маңдайыма буйрук болуп, бүткөрүү иштерине жигердүү киришип, кыска убакытта тактап айтканда үч жарым айда бүтүргөнгө жетиштик. Андан сырткары Пушкин, Чехов көчөлөрүнүн 1-фазасын бүтүрүп, 2-фазасын 15-ноябрга чейин (аба ырайы ачык турса, коммуникация чубалгылары жолтоо болбосо) бүткөрөбүз деген чоң үмүт бар. Ал эми Төш-Кутчу айылына 2 млн. сомдук мыкты, заманбап бала-бакча куруп алууга кириштик. Котлованы казылып, фундаменти куюлуп бүттү. Буйруса 2019-жылы эки бала-бакча бүткөрөбүз деген тилектебиз. Ошондой эле Газпром ишканасы тарабынан ден-соолукту чыңдоочу спортзал салып беришти. Анын жерин, суусун, канализациясын, электро-энергия, жол жана лотокторун ж. б. у. с. маселелеринин баарын бюджеттен 5 млн. каражат сарптап, баш-отубуз менен бүтүрүшүп бердик. Ал дагы жаркырап, шаарыбызга көрк кошуп даяр болду. Мындан тышкары ГП “Элдик” ишканасына таандык болгон “строймаркет” курулуш материалдарын сатуу боюнча базарыбыз бар. Анын чатырын жаптырып, Элибизге кышы-жайын суу өтпөгөн заманбап шарт түзүп бердик. Өкмөтүбүз жардам берип 11 млн. 800 миң сомдук акча каражатын карап, тендерден 8 млн. 200 миң сомго бүткөрүлдү.

— Региондорду көтөрүп коррупция менен күрөшүү Президенттин башкы милдети болуп жатат. Бул багытта сиздин көз карашыңыз?

— Коррупция менен күрөшүүнү ар бир адам жана ишкана жетекчилери өзүбүздөн баштасак. Президент, өкмөт-башчы же күч органдар гана эмес жалпы Эл күрөшкөндө гана жыйынтыгын берет. Айкындуулук-ачыктык коррупцияга каршы биринчи сокку деп эсептеймин. Бул багытта сиздердин тактап айтканда прессанын орду жана ролу күчтүү болууга тийиш. Учурда, пресса жана жарандык активисттер, коомдор, шаардык кеңеш, аксакалдар, аялдар, жаштар кеңештери менен биргелешип иш алып баруу мен үчүн башкы милдет болуп турат. Себеби коомдук күрөштө бардык коррупциялык системалардын жүзү ачылып, региондордон баштап, борборлорубузга чейин өнүгүүнүн даңгыр жолуна түшөбүз.

Самаган Орозалиев

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 23 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: