Menu

Динара Сагынбаеванын “ийгиликтүү ишмердиги”

Бөлүшүү:

Сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн, кээ бир тиришумдук адамдар бар. Андайлар кайсы доор болбосун, бийликтин тилин таап, бат эле коюн-колтук болуп аралашып кетет. Биз кеп кыла турган адам мурунку бийликтин тушунда канайым менен подружке болуп, саламаттык сактоо министри кызматын аркалап келген, азыр болсо улуттук госпиталды мыкчып отурган Динара Сагынбаева жөнүндө болмокчу. Бу айымдын жоруктары жолдо калсын. Биз аларды куру эле сөз менен жөөлөй бербей, олуттуу мисалдар менен сандан-санга берип туурууну эп көрүп турабыз.

Эсиңиздерде болсо, мындан туура беш жыл мурун 2013-жылы «мыйзамдагы ууру» оор кылмыштары үчүн 2006-жылы 16 жылга эркинен ажыратылган Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна анын ден соолугу себеп болгону айтылган. Муну тастыктоо үчүн саламаттык сактоо министрлигинде атайын адистерден турган топ түзүлүп, жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында А.Батукаевдин ак кан илдети (курч лейкоз) менен ооруганы анык деген чечим чыгарган. Ошол кезде аталган министрликтин басма сөз кызматы Азиз Батукаевдин баш сөөгүнүн 457 клеткасы текшерилип, анын 215и катуу жабыр тартканы тастыкталган деген маалымат тараткан. Мындан улам эксперттик топ «Азиз Батукаев курч мүнөздөгү ак кан илдети менен ооруйт» деген чечимге келишкен. Ага аталган борбордун жетекчиси профессор Макимбетов кол койгон. Бирок, бул диагноз туура эмес экендигин дарыгерлерден түзүлгөн көз карандысыз медициналык эксперттик топ кийин аныктаган.

Жогорку Кеңештин «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевди Нарындагы абактан мөөнөтүнөн мурда, мыйзамсыз бошотуу фактысына байланыштуу 2013-жылы 18-июлда козголуп, бирок кийин токтотулган кылмыш ишин кайра жандандырууну талап кылган. Зарылбек Рысалиев Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетишине шарт түзгөн жагдайларды иликтеш үчүн өзүн баш кылып жети саясатчы суракка чакыртылышы керек деп эсептейт.

Буйрук бергендер азыркы учурда анык эле болуп калды. Бирок, ошол буйрукту Гиппократтын антын ичкен ошол кездеги саламаттык сактоо министри болуп турган Динара Сагынбаева айымдын жетегиндеги врачтар жасап берген аныктама боюнча Азиз Батукаев эркиндикке чыгып отурат. Бүгүнкү күндө «мыйзамдагы уурунун» боштондукка чыгуусуна түздөн-түз катышы бар Сагынбаева учурда улуттук госпиталды жетектеп отурганын кандай түшүнсөк болот? Батукаевге байланышкан иштер боюнча ал учурунда жоопко тартылбай, жөн гана кызматтан четтетилип, бирок дагы да болсо майлуу-сүттүү болгон кызматтарда иштеп келет. Жөн жерден эл арасында ал Батукаевдин «эжекеси» деген лакапка ээ болуп калбаса керек… Бул боюнча Динара айым өзү үн катабы, эмне жообу бар? Кандай болгон күндө да биз экинчи тарапка гезит бетинен орун беребиз.

(Уландысы бар)

Болот Алдаяров

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: