Кечээ, 27-октябрда Бишкек шаарындагы түңкү клубдардын биринде мушташ чыгып, анын кесепетинен бир бала каза болду. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.
“Балдар айтыша кетип, эки бала биригип бир баланы чапкан. Ал жыгылып, тепкичке башы менен тийген”, — деп маалымдалат.
Бала окуя болгон жерден дароо каза болгон. Укук коргоо органдары шектүү катары эки баланы кармады, алардын бири өспүрүм.
Айта кетсек, бардык милициянын маалымат кызматы азырынча бул окуя тууралуу маалымат келип түшө электигин билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ