Бишкектин четиндеги айланма жолдо “Audi S4” унаасынын айдоочусу бетон тосмону сүзүп, унаасы толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 27-октябрь күнү саат 23:30дар чамасында орун алган.
“Айланма жолдо бараткан айдоочу Токмокко жетпей бетон тосмону сүзүп алган. Натыйжада “Audi S4″ үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен. Айдоочу жеңил жаракат алган. Алдын ала маалыматтар боюнча айдоочу катуу ылдамдыкта келе жатып, тосмону байкабай калган”.
Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ