Menu

Британ өкмөтү “брексит” боюнча үч саптан турган мыйзам долбоорун иштеп чыкты

Бөлүшүү:

Улуу Британиянын өкмөтү “брексит” боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Министрлер кабинети бул документти Жогорку Сотко берген доо арызы четке кагылып калса колдонот. Буга чейин Лондондун Жогорку Соту ЕБдан чыгуу үчүн парламенттин макулдугу зарыл деген токтом чыгарган. Өкмөт ага макул болбой, апелляциялык арыз берген.

Brexit жөнүндөгү мыйзам долбоору үч саптан турат. Би-би-Синин өз булагы кабарлагандай, долбоор кыска жана нуска болгондуктан депутаттар үчүн өзгөртүү киргизүү кыйын болот.

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Лиссабон келишиминин 50-беренесин колдонуп, “брексит” аракетин баштоо үчүн парламенттен мартка чейин уруксат алууга үлгүрүшү керек. Бул тууралуу Би-Би-Си телекомпаниясы шейшембиде билдирген.

Буга чейин Улуу Британиянын Европа Биримдигинен чыгуу боюнча так планы жана сүйлөшүү стратегиясы жок экенин боюнча маалымат тараган.

The Times жана Би-Би-Cинин колуна тийген меморандумга караганда, өкмөт ЕБдан чыгуу маселесине байланыштуу 500 долбоордун үстүндө иштөөдө. Аларды жүзөгө ашыруу үчүн кошумча 30 миң мамлекеттик кызматкер керек болуп калышы мүмкүн. Ага карабай, министрлер кабинетиндеги пикир келишпестиктерден улам уюмдан чыгуу боюнча жалпы стратегия жок экени белгиленет документте.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: