Menu

Муфтият: баңгизат менен кармалган адам имам эмес

Бөлүшүү:

Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы “Өзгөндө баңгизат менен кармалган адам айылдык имам болчу” деген маалыматты төгүнгө чыгарды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

Анын айтымында, кармалган адам эч качан имам болуп иштеген эмес жана райондук казыят менен эч кандай байланышы жок.

“Биз Өзгөн райондук хатибиятынан жана башка бардык түзүмдөрдөн тактадык. Баңгизатты алып жүргөн деп кармалган адам эч качан имам болуп иштеген эмес”,- деди Атабаев.

Буга чейин Ош облустук милициясы Өзгөндүн Жылалды айылында имам баңгизат менен кармалганын жарыялаган. Анда милиция айылдын 37 жаштагы тургунунун жанынан 37.6 грамм марихуана табылганын кабарлаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: