Menu

Казак парламентинде комсомол мааракеси талаш жаратты

Бөлүшүү:

Бүгүн Казакстан парламентинин төмөнкү палатасындагы өкмөттүк саат маалында ВЛКСМдин 100 жылдыгы жөнүндө сөз болуп, бул маселе депутаттардын арасында талаш жаратты.

Жыйынды ачкан мажилистин төрага орун басары Владимир Божко сөзүн жыйынга катышып жаткандарды комсомолдун мааракеси менен куттуктап баштады.

– Бүгүн Казакстандын эгемендүүлүккө ээ болгон учурун, 27 жылдык өнүгүүсүн эстеп, ага комсомолдордун дагы салымы чоң болгонун белгилеп коюу туура болот деп ойлом. Залдагылардын дээрлик бардыгы ошол мектептен өтүшкөн жана жаш кезибиздеги жакшы иштер тууралуу эске салып коёюн дедим, – деди Божко.

Бир нече убакыттан кийин кесиптешин депутат Сергей Звольский колдоп сүйлөдү. “Мен дагы баарыңарды комсомолдун 100 жылдыгы менен куттуктагым келет. Бул жакшы да, баарыбыз комсомол болгонбуз”, – деди депутат.

Кесиптештеринин куттуктоосуна депутат Азат Перуашев каршы пикирин билдирип, өлкөдө «мындай майрам жок экенин» айтты. «Биз эгемендүү Казакстанда жашап жатабыз. Жылнаамада мындай майрам жок. Эгер кимдир бирөө үчүн бул жеке майрам болсо, анда бири-бириңерди мажлистин расмий жыйынында эмес, жеке куттуктагыла деп өтүнөт элем”, – деди Перуашев.

Анын пикирин башка депутаттар дагы колдоп, төрага орун басарынын айткандарын сынга алышты.

Акыркы кездери октябрдын аягында Казакстандын түрдүү аймактарындагы мурдагы комсомолдор ВЛКСМдин 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чараларды өткөрүп келишет. Быйыл мындай иш-чаралар Алматы, Семей, Атырау, Кокшетау шаарларында өттү. 29-октябрдын кечине Астанада мааракелик иш-чараларды өткөрүү пландалган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: