Кыргызстанда ушул тапта аялдардын абагында энелери менен кошо 10 бала жатат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдирди.
“Оор жана өтө оор кылмыш кылып соттолгон аялдар жашы жете элек баласы бар экенине карабай камакка алынат. Баласы 3 жашка чейин өзүнүн жанында болот. Андан кийин туугандарына кайрылуу жасайбыз. Алып кете турган жакын туугандары жок болсо анда атайын мамлекеттик балдар үйүнө өткөрүлүп берилет”,- деп билдирди басма сөз катчы.
Кыргызстандагы аялдардын абагы Чүй облусунун Степное айылында жайгашкан. Учурда ал жерде 350дөй аял жаза мөөнөтүн өтөп жатат.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ