Menu

“ЭККМК тарабынан чаралар көрүлүп, мамлекеттин бюджетине 1 миллиондон көп сом кайтарылды”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты мамлекеттик бюджетке тийиштүү бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн  жүк ташуучу автоунаанын контрабандалык ташып кирүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн учурда  “XLER6X” жүк тенти бар “SCANIA R420” маркасындагы жүк ташуучу автоунаа кармалды.

Тергелип жаткан иштин алкагында,  келтирилген зыянды кайтарып алууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат көргөн чаралардын натыйжысында мамлекеттик бюджетке 1 миллон 133 255 сом суммадагы зыян аталган жүк ташуучу унаанын ээси тарабынан толугу менен кайтарылып алынды.

Азыркы убакта Кызмат ушундай фактыларды аныктоого багытталган текшерүү иш-чараларын Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында жүргүзүп жатат.

Урматтуу жарандар ЭККМК Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык төмөнкүгө көңүлүңүздөрдү бурат (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесине эскертүү – Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган кылмышты биринчи жолу жасаган адам, эгерде анын аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо жана контрабанданын предмети болуп саналган товарларга жана башка предметтерге бажы декларациясын жүргүзүү жана чыгаруу менен туумдарды кошуп алганда, тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн суммасынын эки эселенген өлчөмүн өз ыктыяры менен төлөгөн учурда жазык жоопкерчилигинен бошотулат).

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: