Menu

Швейцария Кыргызстандан таза жер-жемиш экспорттойт

Бөлүшүү:

Кыргызстандын экологиясы ушул кезде таза делинип, биздин өлкөдөн таза жер-жемишти чет жака экспорттоого кызыкдар инвесторлор көп. Буйруса, Ысык-Көлдүн алма, өрүк, кара өрүгү, карагаты жана алтургай жапайы чычырканагы дагы Европага экспорттолот.

Экономика министринин метрология жана техникалык жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы Бакытбек Шабданов бул кызматташуу Президент Сооронбай Жээнбековдун Швейцарияга жасаган расмий сапарында жетишилген деп белгиледи. «Долбоор үч жылга эсептелип, каражаттар үч бөлүктөн келет. Анда Стандартташтыруу борборунун техникалык жактан жабдылып, мамлекеттик көзөмөл органдарынын сапатын жакшыртууга жана жер-жемиштердин сапатын тастыктаган борборлорго лаборатория ачууга жана эл аралык стандарттагы экспорт жасоого шарттар түзүлөт», – деп билдирди Бактыбек Шабданов.

Экономика министрлигиндеги стандартташтыруу жана метрология борборунун директору Бердимамат Аданбаев айыл-чарба азыктарын экспорттоодо элементардуу талаптарды аткаруу мамлекеттер арасындагы чек ара маселесин жаратпайт деп билдирди. Анткени, сыртка чыккан Кыргызстандык азык-түлүккө фермерлер же ишкерлер шектүү жерлерден уруксат кагаздарын албай, мамлекеттик органдардан алууга чакырды.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: