УКМКнын кызматкерлери эл аралык террордук уюмдун 9 мүчөсүн колго түшүрүштү. Бул тууралуу аталган комитеттин маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, кармалгандардын 5и чет элдик жараны жана 4ү кыргызстандын жарандары болгон. Алар 25-октябрда Чүй облусунун аймагында жүргүзүлгөн атайын иш-чаранын алкагында колго түшүрүлгөн.
“Аталган уюм 2017-жылдан тарта катардагы жарандарды Афганистан жана Сириядагы террордук уюмдардын катарына кошулуу үчүн үгүттөө иштерин жүргүзүп келишкен. Ошондой эле Кыргызстандын аймагында ок атуучу курал-жарак жана колго жасалган жардыруучу заттар менен диверсиялык аракеттерди жасоону пландап жүрүшкөн. Кармалгандардын арасындагы чет элдин жарандары да өз өлкөсүндө “террордук уюмдарга мүчө”- деген шек менен издөөдө жүргөн адамдар болгон”,-деп айтылат маалыматта.
Учурда УКМК аталган факты боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ