Menu

Ата-энелер:”Мектеп окуучуларын циркке билет алууга мажбурлашууда”

Бөлүшүү:

Мектеп окуучуларын циркке барууга билеттерди сатып алууга мажбурлашууда. Бул тууралуу Бишкектин №56 мектебинин окуучуларынын ата-энелери билдиришкен.

Алардын айтымында, окуучулар циркке баруудан баш тартышкан, бирок мугалимдер Билим берүү министрлиги окуучулар циркке милдеттүү түрдө барышы керектигин айтканын билдиришкен.

Билеттин баасы 250 сомду түзөт. Мектептин жетекчилиги ата-энелерди маалымдаган эмес. Алар кичине класстарды дагы, чоң класстарды дагы жөнөтүшкөн.

Фейсбук социалдык тармагында дагы окуучулардын циркке жиберилип жатканыны ата-энелер нааразы. Колдонуучу Adelia Gaifulina цирктеги орундардан көп билеттер сатылганын билдирген.

“Бир оюн зоокко  киргенде 4 мектепти чогуу киргизүүгө аракет кылышыптыр. Менин баламдын классын (жети-сегиз жаштагы балдарды) цирктин кызматкерлери кире бериштеги тепкичтерге отургузууну сунушташыптыр. Бактыга жараша, класс жетекчиси баш тартып, алар киного кетишиптир. Башка класстар калышыптыр, бирок абдан өкүнүшүптүр. Кичине балдар бир орундукка экиден отуруп көрүшүптүр, ал эми чоң класстар оюн бүткөнгө чейин кире бериште турушуптур. Капыстан кырсык болсо эмне болот эле?”-деп билдирген ал.

Билим берүү министрлигинде алар билеттерди бербегенин билдиришти.”Биз ата-энелердин макулдугу жок мажбурлап каражат чогултууга алда канча каршыбыз”-деп билдиришкен мекемеде.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: