Кыргызстандын Улуттук Банкы “ММК Кредитные решения ЖЧК” микронасыялык компаниясынын учеттук каттоо тууралуу күбөлүгүнүн ишин токтотту. Бул тууралуу маалымат Улуттук Банктын сайтында жарыяланган.
Маалыматка караганда, аталган чечим компания Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузганыны жана Улуттук Банк тарабынан берилген кеңештерди аткарбаганына байланыштуу кабыл алынган.
Эске салсак, буга чейин Улуттук Банк дагы бир микронасыялык компанияга айыппул салган. Ал компания коюлган ачык валюталык лимитин ашырып койгон. Бирок айыппулдун өлчөмү жана компаниянын аталышы айтылган эмес.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ