Menu

7-ноябрь басма сөз күнүнө карата ИИМде жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү сыйланышты

Бөлүшүү:
Бүгүн 6-ноябрда Ички иштер министрлигинде Кыргыз Республикасынын маалымат жана басма сөз күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ИИМнин басма сөз кызматынан билдирди.
Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Мирлан Каниметов  салтанаттуу кабыл алууну өткөрүү менен салтка ылайык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады. Иш-чарага жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, министрликтин Борбордук аппаратынын, ИИМдин ЖКККББнын, Бишкек ШИИББинин жана Чүй ОИИББинин жетекчилери менен кызматкерлери катышышты.
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү! Кесиптик майрамыңыздар-Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоого уруксат этиңиздер. Сиздерсиз заманбап жашоону элестетүүгө мүмкүн эмес жана маанилүү иш менен алек болуудасыздар. Бекеринен сиздерди төртүнчү бийликтин өкүлдөрү деп атаган эмес. Сиздердин коомго, экономикага, социалдык чөйрөгө тийгизген таасириңер баа жеткис. Сиздердин иш-аракетиңер менен ички иштер органдарынын иши коом үчүн ачык-айкындуулукту камсыздоодо. Мен толук ишенем, анткени биздин бирдиктүү ишибиздин натыйжасында милиция кызматкерлеринин иши боюнча ыкчам жана так маалымат менен  коомчулук камсыз болушат. Маалыматтык агенттиктер менен мезгилдүү басма сөз мекемелери милициянын ишмердүүлүгүн чагылдырууда калыс, позитивдүү коомдук ой-пикирди  калыптандырууда маанилүү ролду ойнойт”,-деди Мирлан Каниметов.
Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн калыс, так чагылдырышкандары үчүн, ошондой эле маалымат жана басма сөз күнүнө карата жалпыга маалымдоо каражаттарынын 200дөн ашык  кызматкерлерин ИИМдин түзүмдүк жана министрликтин башка түзүмдөрүнүн сыйлыктары, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: