Menu

Түркмөнстан Гарлык тоо-кен комбинатынын иши боюнча эл аралык арбитражга кайрылат

Бөлүшүү:

Түркмөнстан Гарлык тоо-кен байытуучу комбинаттын ишине байланышкан маселелер боюнча эл аралык арбитражга кайрылат.

Расмий ЖМКлардын маалыматына караганда, күн мурун өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов вице-премьерге «ишкананын ишине байланышкан бардык маселелерди чечүү үчүн тиешелүү документтерди топтоп, эл аралык арбитражга жөнөтүү» тапшырмасын берген.

«Калий жер семирткичтерин өндүрүүчү Гарлык тоо-кен комплексинин ишке берилгенине эки жыл болгонуна карабастан, бул индустриалдык алптын иши долбоордогу кубаттуулукка жеткирилген жок. Жетекчилик тараптан болсо абалды өзгөртүү боюнча эч кандай сунуш келе элек», — деп билдиргенпрезидент.

Азырынча эл аралык инстанция аркылуу мамлекетке таандык комбинаттагы кайсыл маселерди чечүү каралып жатканы белгисиз.

Гарлык тоо-кен байытуу комбинаты мамлекеттик «Түркмөнхимия» концернинин буйругу менен Беларустун «Белгохимпром» мамлекеттик ишканасы тарабынан курулган. Ал былтыр 31-мартта Гурбангулы Бердымухамедов менен Александр Лукашенконун катышуусу менен салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилген. Түркмөн өкмөтүнүн маалыматы боюнча, комбинаттын курулушуна 1 миллиард доллар каражат жумшалып, толугу менен мамлекеттик бюджеттен каржыланган.

Буга чейин түркмөн тарап макулдашуудагы шарттарды аткарган жок деп «Белгорхимпром» ишканасына нааразылыктарын билдирген. Өз кезегинде беларус тарап каржылоо кечеңдеп жатканын билдирип, Түркмөнстанга дооматтарын айткан.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: