Бүгүн, 8-ноябрда Орусиядагы Архангель облусунун Васьково айылына АН-2 учагы авариялык конуу жасаган. Бул тууралуу “5-tv.ru” сайты жазып чыкты.
Жазылган маалыматка караганда жиберилген куткаруучу тик учак аймактын саздуу болгонуна байланыштуу коно албай койгон. Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куткаруучуларды парашют менен түшүрүшү мүмкүн.
Маалыматка ылайык, авария учурунда учакта 14 киши болгон. Алардын 11и жүргүнчү. Кырсыктан каза болгондор жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ