Ош облусундагы аймактарда бүгүн, 18-декабрда, таңкы саат 04:56лар чамасында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Чоң-Алай районунун Кашка-Суу, Кара-Кабак, Жайылма-2 айылдарында жердин силкинүүсү 2,5 баллга жеткен. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ