Бүгүн, 8-ноябрда КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун эл аралап, жардамга муктаж үй-бүлөлөрдөн кабар алып жүргөн сүрөттөрү коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү.
Маалыматка караганда, бул сүрөттөр Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде тартылган экен. Улукбек мырза жумуш күнү эместигине карабастан калктын көйгөйү менен жеринен таанышып, баткак кечип элдин турмушунан кабар алып жүргөн мындай кадамын коомчулук жылуу кабыл алып, мурунку министрлик кызматтагылар мындай жерге басып да келген эмес деп, Улукбек Кочкоров элдин камын ойлогон, башка кызматкерлерге үлгү болчу инсан экендигин айтышкан.
Социалдык тармактарда Акбалык Жумалиева “Министр сайрандап чет өлкөгө эмес, каякка барыш керек экенин көрсөтүптүр. Жанагы жумуштан кеткен үч “периште” бир жолу бут басып барышты бекен ушул тараптарга? – деген пикирин калтырган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ