Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына расмий визит менен келди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-декабрда Бириккен Араб Эмираттарына расмий визит менен келди. Мамлекет башчысы БАЭге визитин Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысынын орун басары Мухаммед Бин Заед Аль Нахаяндын чакыруусу менен жасоодо. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Расмий визиттин алкагында, Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы жана БАЭнин Вице-президенти, Премьер-министри Мухаммед бин Рашид Аль Мактум менен эки тараптуу жолугушуу пландалган.

Мындан тышкары, БАЭнин соода-өнөр жай палатасынын, ири компаниялардын жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү, Зайед Фондунун башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Аль Амери жана БАЭде убактылуу жашап жаткан мекендештер менен жолугушуулар күтүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: