Тажикстандын Хожент шаарында 7-ноябрдан 8-ноябрга караган түнү күчөтүлгөн режимдеги абактан чыккан баш аламандыкта күч органдары тарабынан 25 соттолуучу өлтүрүлгөн. Ошондой эле 2 күч органдарынын кызматкери да каза болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Алдын ала маалыматтарга караганда, баш аламандык “Ислам мамлекети” террордук уюмунун мүчөсү болуп кармалган адам күзөтчүнүн куралын тартып алып, ага башкалары кошулуп абак кызматкерлиерине кол салышкан. Кол салгандар абактын бир корпусун ээлеп алышкан. Баш аламандыкты басуу үчүн Согди облустук милициясынын атайын кызматкерлери киргизилген. Бийлик азырынча адам өлүмү тууралуу расмий коммментарий бере элек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ