Бишкектин супермакеттеринин биринде адам колундагы кан тамырларын кесип жиберген. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнөн такташты.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 9-ноябрда эртең менен болгон. 1993-жылы туулган жаран супермаркетке кирип, лезвия алып, ошол жерден кан тамырларын кескен. Биринчи медициналык жардамды ага супермаркеттин кызматкерлери көрсөтүп, милиция кызматкерлерин чакырышкан. Өз жанын кыйгысы келген жаран Ысык-Көл областынын тургуну болуп чыккан, окуя учурунда ал алкоголдук мас абалында болгон.
Келген милиция кызматкерлери аны ооруканага жеткиришкен. Азырынча анын бул кадамга эмне себептен улам барганы белгисиз.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ