Menu

АКШ Конгрессине шайланган биринчи мусулман айымдар. Алар кимдер?

Бөлүшүү:

Америка Кошмо Штатында болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгы Американын саясатына бир топ өзгөрүү киргизди десек болот. Капитолийге мындан кийин биринчи жолу мусулман дининдеги аялдар катыша баштайт. Мындан тышкары айымдардын бири жыйындарга хиджаб менен келерин айтты.

Рашида Тлаиб жана Ильхан Омар Демократия партиясынан талапкерлер болчу. Алар президент Дональд Трамптын антииммиграциондук жана антимусулман боюнча риторикасын катуу сынга алышкан.

Эки айым тең өкүлдөрдүн палатасына шайланган эң биринчи мусулман дининдеги айымдар катары тарых беттеринде калышты.

Эми Тлаиб менен Омар Мичиган жана Миннесот штаттарынын өкүлдөрү катары кабыл алынат.

Алар Дональд Трамп тарабынан мигранттарга коюлган чектөөлөргө каршы күрөшүшкөн. Мындан тышкары АКШнын иммиграция жана бажы полициясын жоюуга чакырышкан.

Шайлоодо жалпы 100 талапкер болуп, алардын арасынан эки айым эң жогорку добушка ээ болушкан.

“Миннесотто биз иммигранттарды тосуп гана албайбыз, биз аларды Вашингтонго да жиберебиз. Мен бүгүн бул жерде конгресстин өкүлү катары шайланып турам жана ар бириңиздердин колдооңуздарды сезип жатам. Мен конгрессте биздин штатты тааныта турган жалгыз хиджаб кийген айыммын”, – деди Омар өзүнүн шайлоодогу утушунан кийин.

Омар бала чагында туулган жери Сомалини таштап, бир нече убакытка чейин качкындардын лагери Кенияда жашаган. Андан кийин лютерандык чиркөөнүн жардамы менен Миннеаполиске көчүп келишкен.

Рашида Тлаиб палестиналык иммирганттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн социалдык кызматкер. Ал Мичиган штатынын өкүлү катары иш алып барат.

42 жаштагы айым үй-бүлөдө 14 баланын эң улуусу.

“Мен бул шайлоодо тарыхка кириш үчүн шайланып келген жокмун. Мен бул жакта болуп жаткан адилетсиздик үчүн жана эки уулум үчүн тандалып келдим. Мен четте карап тургандардан эмесмин”, – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 70 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: