Menu

Кылым карыткан бир жыл… Таалай Таткуловду эскерүү… Кандай адам эле…

Бөлүшүү:

Билсин бизди жаш муундар мактасын,

Эскиртпесин эстеринде сактасын”

Алыкул Осмонов

Ушул айдын 19у Таалай Таткуловдун туулган күнү экен…

Көз ачып жумганча, кыргыз элинин көрүнүктүү камчыга сап болчу мыкты уулу, коомдук ишмер, адам баласынын асылы, замандашыбыз Таалай Таткуловду эскерип жатабыз. Бир караганга бул бир жыл, бир көз ирмей турган кыска убакыттай эле сезилет. Таалай Таткуловду өз ээсине берип, анын арабыздан акыретке кеткенине бир жылдын жүзү болуптур.

Орду толгус жоготуудан бери Таалай Таткуловду жарык дүйнөгө алып келген апасы, бир туугандары, балдарынын, досторунун, замандаштарынын көз жаштары тыйылбай, дайрадай гана агылды го. Тирүү адамдардын парзы, оо дүйнө салган адамын эскерип, анын арбагына багыштап куран түшүрүп туруу экен. Бүгүн, арабыздан эрте кеткен жакын адамыбыз, замандашыбыз Таалай Таткуловду эскерип жатабыз. Пенде баласы бул жалгандан эң жакын адамынан ажырап, жүрөгү ыйга чыланып, бычак менен тилингендей ачышып, оор жоготуудан жан дүйнөсү сыздап, тиги дүйнөгө кетип бараткан жакынын кыя албай, мазар башында топурак салганы келгендерге жакындары кайрылып ый аралаш, канталаган көздөрү менен, ”О-о, эл журт! Бир боорубуз Таалай Таткулов кандай адам эле?” дегенде “жакшы адам болчу!”-деп сөз узатышат эмеспи. Таалай Таткулов чынында жакшы адам, мыкты инсан эле. Тагдырдын башка салганына айла жок экен. Ошентсе да туулган күнүнө карата эскерип коюу парз тура. Көзү өтүп кеткен адамга жашыбызды төгүп, куран окугандан башка пенде баласынын колунан эмне келмек эле.

Таалай Таткуловго көзү тирүүсүндө замандаш, дос, үзөңгүлөш болгон жакын адамдарынын өз пикирлерин гезит бетине чагылдырууну туура көрдүк. Эмесе, адегенде маркумдун өз колу менен жазып кеткен ыры менен баштайлы:

Запомните меня таким,

Каким увидите сейчас.

Каким Вы видели меня,

И может статься только раз.

 

Я не хочу уйти как лед,

Что тает в солнечных лучах.

Но Смерть откатов не дает,

Запомните меня сейчас.

 

Пока я не слишком стар и красив,

Покуда не угас мой пыл.

Прошу Вас близких и чужих,

То не отнимет много сил.

 

Я дальше вам день ото дня,

И близок расставанья час.

Прошу запомните меня,

Таким какой я есть сейчас.

Таалай Таткулов

Дүйшөн Керимов, жазуучу:  ​“Таалай Таткулов өтө мекенчил инсан болчу”

— Таалай Таткулов экөөбүз Ысык-Көлдө бир тойдо жакын отуруп калып таанышкан элек. Азыр ойлосом андан бери көп жыл өтүп кетиптир. Ал кезде республикалык социалдык фонддун төрагасынын орун басары болуп иштеп жүргөн кези экен. Кай жерде жолуксак да көптөн бери ысык мамиледе болгон жакын адамдардай болуп жылуу учурашып жүрдүк. Ошол күндөн бери, көзү өткөн кезге чейин ага инилик жакын мамилебиз алыстаган жок. Таалай иним чынында башкача адам болчу. Кандайдыр бир күч менен ал арбагандай адамдарды өзүнө тартып турчу. Адамдарга болгон текеберлик мамилеси жок, өтө кичи пейил болчу. Таалайдан салмактуулукту, өтө жөнөкөйлүктү көрүп, ошондой эле ата-энесинен нарктуу тарбия алган инсан экен деп ичим жылып ыраазы болчумун. Бир жолу соцфондго ооруп жүргөн уулумдун иши менен справка алганы барып калдым эле. Ошондо, Таалай иним столунун үстүндө турган жыгачтан жасалган глобусту колуна алып, “Дүйшөн байке, ушуну уулуңузга менден белек кылып ала барыңызчы?”-деп менин колума карматты. Үйгө алып барып, Таалай байкесинин белегин уулумдун колуна карматсам, баламдын сүйүнгөнүн айтпа. Кичинекей нерседен чоң кубаныч тартуулаган адам болчу. Чиновниктерге караганда Таалайдын кулк мүнөзү башкача эле. Менин журналист, чыгармачыл адам экенимди билип, “Дүйшөн байке, эмнелерди жазып жүрөсүз?”- деп сурап калды. Кийин билсем, Таалай Таткулов сөз баккан, калем кармаган адамдарга жакын, өзү да адабий китептерди көп окуган, табияты чыгармачыл инсандарга жакын экенин байкадым. Өзү да колу бошой калганда аруу дүйнөсүн чыгарма окуу менен тазалап ыр жаза койчу экенин билдим. Орус мектепти аяктаганбы, орус тилинде жазган ырларын окуп калдым.

Бир жолу, көчөдөн жолугуп калдык, жанымда мен жазган “Айкөл Манас оюндары”-деген китебим жанымда бар эле.Отура калып, китебиме кол тамга калтырып Таалай инимдин колуна карматтым. Ал абдан сүйүндү. Китеп окуган чиновникти биринчи ирет көрүшүм эле. Кийин китебимди аягына чейин окуп чыкканын айтты. Таалай мага чын дилден “Дүйшөн байке, сиз жакшы жазат экенсиз. Кийинки китебиңизди жарыкка чыгарып берүүгө сөз берем! Китебиңизди басмага даярдай бериңиз…”-деди. Ушундай марттыгы, чечкиндүүлүгү бар жигиттин гүлү эле. Сүйүнгөнүмдү айтпа.

Бир ирет менин гезит бетине жарык көргөн макаламды окуп, “Дүйшөн байке макалаңызды окудум. Сиз түндүк-түштүк проблемасы туурасында жакшы жазып жүрөсүз. Бийлик башындагы адамдар, саясатчылардын, депутаттардын сокур сезими менен элибизди экиге бөлүп, трайбализмдин үрөөнүн себип жатышат. Өлкөнү бөлүп жаруу, бул элибиздин тагдырына балта чапкандык! Мына ушуну тереңдеп жазып берсеңиз,”-деп айткан эле. Таалай Таткулов өтө мекенчил жигит болчу. Кыргыз элине эми иштеп берүүгө бышып жетилип калган кезде арабыздан эрте кетип калганы өтө өкүнүчтүү болду. Кулакка жагымсыз бул суук кабарды угуп алып ичим ачышты. Кайран гана жигит…

Таткулова Гүлжан, карындашы: “Иштесе ишке, жашаса жашка тойбой турган кезинде дүйнө салып кете берди”

— Мен билгенден Таалай Таткуловдун бир тууган карындашы болосуң, биз сыртынан билсек, бир тууган карындашы катары агаңды жакындан билесиң. Үйдө жүргөндө, бир туугандардын арасында кандай адам эле?

— Ооба.Мен Таалай Таткуловдун бир тууган карындашы болом. Экөөбүздүн ортобуз төрт жаш эле. Биз жалпысынан беш кыз, үч уул бир туугандарбыз. Эркек балдардын улуусу Таалай агам. Биз атабызды тартып баарыбыз эле финансист кесибине ээ болдук. Атам Таткулов Жумалы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген экономисти, жетекчилик кызматтарда иштеген. Атам 1976-жылы, 49 жашында көзү өтүп кетти. Атамдын көзү эбак эле өтүп кетсе да, атамдын кадыр-баркын, эл оозуна алынып аттуу-баштуу адам болгонун кийин гана билип отурам. Аз өмүр сүрсө да атамдын замандаштарынын атам Жумалыга болгон сый мамилесин көрүп таң калдым. Мен Ысык-Көл областына турмушка чыгып, кесибим боюнча ишим да ошол жактан башталды. Ал жердеги жетекчим мага карап “Таткулов Жумалынын кызы эмессиңби?”-деп сурап калды. Мен “ооба” деп айттым. Кийин мен Жалал-Абадга “Промстройбанкка” жумушка орношуп калдым. Ал жердеги жетекчим Неманжан Карыбаевич “Сен Жумалы Таткуловичтин кызы эмессиңби?”-деп айтса болобу. Көрсө атам начальник болуп жүргөндө Неманжан Карыбаевич атамдын колунда катардагы эле кызматкер болуп иштеген экен. Кийин Бишкекте “Промстройбанкта” иштеп калсам банктын жетекчиси Муратбек Мукашев, “Атаңыз өтө күчтүү финансист болгон, биз баарыбыз сыйлап урматтаган адам эле”-деп биздин коллективдин алдында айткан сөзү бар. Көрсө атам өз мезгилинде чоң кадыр-баркка ээ болгон белгилүү инсан экенин кийин билип отурам. Анан атам туурасында сөз болуп калганда Таалай агам “Мен дагы атамдын кесибин тандадым, жолун жолдодум. Атамдын атын бийик көтөрсөм көтөрдүм, бирок төмөн түшүргөн жокмун”, — ​деп айтып ыраазы болуп калчу. Чынында ошондой эле болду.

Атамдын көзү өткөндө Таалай агам деле өтө жаш экен. Ал 1962-жылы төрөлгөн болчу. Орус мектепти аяктаган, адабий китептерди көп окуп, бардык жагынан билимдүү эле. Ошон үчүн өзү да эркек балдардын улуусу болгондуктан “Мен баарыңырга ата ордуна ата болушум керек!”- деген сөздү көп айтчу. Чындыгында ошондой эле болду. Атамдын ордун жоготпой, бир туугандарынын баарына атамдай эле мамиле кылып, бутубузга турганга жардамын аяган жок. Агам сыртынан караганда түнт, бир сырдуу адамдай көрүнчү. Чынында эле биз деле бир тууган болсок да сүйлөшкөндө сүрдөп турчубуз. Биз эмес үй-бүлөөсү деле көңүлүнө карап туруп мамиле кылышчу. Ал эми көңүлү ачылып турганда анекдотторду айтып, бизди күлдүрүп, көңүлүбүздү көтөрөр эле. Мага карап ушунча да алыс жерге турмушка чыгасыңбы, жок дегенде Балыкчыга турмушка чыкпайт белең деп тамашалап айтып калчу. Күйөө баласы катары Бакытты абдан жакшы сыйлайт эле. Өтө сүрдүү болгону менен бир отурганда баарын айтып салчу. Мен силерге “ата ордуна атамын”-деп көп айтар эле. Аябай боорукер эле. Иним менен агам апамды карап жатат деп аларга үй да алып берген. Апамдын өзүнө “бул пенсияңыз” деп ай сайын акча салып турат эле. Биз деле сыздап, өксүп отуруп калдык. Апамдын жашы сексенге келип калды. Эң жакшы көргөн баласынан ажырап калган апама өзгөчө оор болду. Таалай агамдын эки уул бир кызы бар. Кызы турмушка чыкты. Азыр улуттук банкта иштеп жатат.

— Каза болорго жакын силер байкап калган өзгөчөлүктөрү байкалдыбы?

— Көзү өтөргө жакын башкача болуп кетти. Мага тынбай телефон чалып, жолдошум Бакыттын ден-соолугун сурап калчу. Бакыт да кичине кырсыктап калган эле. Күндө телефон чалып сурайт. Көрсө өлөрүн жүрөгү менен сезгенби, биз эмес айылдагы тууган-уруктары, үч-төрт ата өтүп кеткен туугандарына телефон чалып, сүйлөшүп алардын үй-бүлөөсүнүн акыбалын сурап чыгыптыр. Сөз арасында тиги тууганыбыздын кызы же баласы окуусун мыкты аяктаптыр, жардам берип коюш керек, бутуна туруп калышса экен деп калчу. Ушинтип эле жароокер болуп башкача болуп кетти. Жүрөгү ооруп жүргөн, ал эки жыл мурун Германияга барып, ден-соолугун каратып, бир сыйра текшертип келген. Ал жактагы врачтар агама “Сахарыңды, салмагыңды түшүрүп кел…”-дешкен экен. Тамеки чеккенди таштап, спорт менен машыга баштаган эле. Жакшынакай жүрүп эле, бир күнү өтүп кетти деген суук кабар келди. Жүрөк деген жүрөк экен да, аны менен тамашалап болбойт экен. Арча-Бешиктеги мечитке көп барат эле. Жеңеми, балдарын да ошол мечитке көп алып барып жүрдү. Жеңемдин үйүнө деп даярдап койгон жер төшөктөрүн, жана башка нерселерди да соопчулук үчүн ошол мечитке алыпбарып бергенин жеңем айтып калат. Таалай агам анысын айтчу эмес. Ажыга барыш үчүн королдун чакыруусун да өзү колдонбой колунда жок, бөтөн эле адамга берген экен. Менимче Нарын, Ат-Башы жактан болсо керек. Ошол адам Меккеге барып зыярат кылып келгенин агам каза болгондо угуп отурабыз. Колунда жок, шарты начар адамдарга көп жардам берген экен. Мындай соопчулук иштерин бизге айта берчү эмес. Таалай агам менен коштошуп жатканда митингде дагы бирөө сүйлөдү. Көрсө анын китебин чыгарып берген экен. Кийинки китебин да чыгарып берем деп сөзүн бергенин айтышты. Бечара агам ошого үлгүрбөй калыптыр. Демөөрчүлүк кылган Таалай Таткулов деп атын да жаздырбай койгон экен. Менин атымды айтпай эле жакшы тилектерин, дубаларын айта берсин дечү экен.

— Мен билгенден Таалай мындай демөөрчүлүк иштерди көп жасаган.

— Ушунун баарын агамдын сөөгүн алып кетээр алдында угуп, калганын кийин угуп жатабыз да. Бир тууган агам, өзү айткандай биз үчүн атамдай эле болуп калган болчу. Эстеген сайын ыйлайбыз. Эли үчүн иштесе ишке, жашаса жашка тойбой турган кезинде дүйнө салып кете берди. Аз жашап калганына ичим ачышат…

Касымбаев Бактыбек, күйөө баласы: “Мыйзамды такыр бузчу эмес, мамлекеттин ишин тууганчылыкка алмаштырчу эмес”

— Силер экөөң да аябай эле эрте баш кошуп алганыңарды уккан элем. Таалай кандай кабыл алган эле?

— Эми, мен өзүмдү тааныштырсам Таалай Таткуловдун күйөө баласы болом. Кайын-журтумду айтсам, баарысы тең кайын атамды тартышып финансисттер болуп чыгышты. Мен деле окууну бүтүп Көлдө иштеп калдым. Таалай акем, бир жолу келип, сен дагы түштүк жакка барып иштеп кел деп калды. Ал эми шаардын начальниги көлдүк болуп калып, мага Жалал-Абадга буйрукту чыгарып салды. Ошко барып, бирок Жалал-Абадда иштеп калдым. “Мен алып келсем, Жалал-Абадга иштегени кетип калды!”-деп тамашага салып таарынып да жүрдү. Жалал-Абадда төрт жылдай иштедим окшойт. Ошко келип иштеп калдым. Көчүп келгенибизде, тим эле жаш баладай аябай сүйүндү.

— Таалай менен чогуу иштеп жүргөндө ал кандай жетекчи эле?

— Ошто, Бишкекте деле көчөдө мыйзамсыз соода кылгандар көп го. Ошондой маркасы жок соода кылгандардын товарларын мыйзамсыз соода кылганы үчүн товарларын жыйнап алып кетебиз да. Алар арызданып Таалай Таткуловго келишип, арыздарын айтышат. Эми, биздин кадыр-баркыбызды ойлоп, тиги аялдарга боору ооруп жанынан акча берип, “Экинчи мындай кылбаңыздар!”- деп акырын кетирип салчу экен. Бирок алынган товарларды кайтарып берчү эмес. Анда тартипке салган кызматкерлеринин кайсы кадыры калмак эле. Начальник катары “кайтарып бергиле!”- деп койсо деле болмок. Ал антчү эмес. Мыйзамды такыр бузчу эмес, мамлекеттин ишин тууганчылыкка алмаштырчу эмес. Бул жагынан катуу болчу. Ушундай өзгөчөлүгү бар, адам эле.

Маектешкен: Дүйшөн Керим

Булак: “Жаңы ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: