Menu

Видео – Стамбулда белгилүү ырчынын үйүн тоногон түркмөн мигранттары кармалды

Бөлүшүү:

Стамбулда белгилүү ырчы Махсун Кырмызыгүлдүн үйүнөн 275 миң доллар уурдоого шектелип түркмөн мигранттары кармалды.

Түркиянын «NTV» телеканалы кабарлагандай, 5-ноябрда ырчынын апасы полицияга арыз менен кайрылып, бул ишти мурда алардын үйүндө иштеп кеткен 41 жаштагы Миессер аттуу түркмөн мигрантынан көрүп жатканын билдирген.

Полиция шектүүнүн үйүн тинтүүгө алып, 50 миң доллар жана 12 алтын билерик тапкан. Андан соң Миессер менен бирге анын күйөөсү жана ал үйдө жашаган төрт түркмөн жараны кармалган.

Стамбул полициясындагы булактар кабарлагандай, шектүүлөр Түркияда мыйзамсыз жүрүшкөн. Алар Стамбулдан Анкарага бараткан жолдо кармалып, жанынан 20 миң доллар жана 300 грамм алтын табылган.

Полициядан билдиришкендей, Миессер менен күйөөсү Махсун Кырмызыгүлдүн үйүнөн 130 миң доллар жана 5 миң евро накталай акча, ошондой эле 45 даана зер буюм уурдаган. Булардын жалпы баасы 275 миң долларга жеткен.

«Hürriýet» гезити сурак маалында жубайлар күнөөлөрүн моюндарына алышып, бирок алар менен кошо жашаган төрт түркмөн жаранынын буга тиешеси жок экенин айтышкан.

2006-жылы Түркмөнстандын маркум президенти Сапармурад Ниязов өлкө Эгемендүүлүгүнүн 15 жана Түркия Республикасынын түзүлгөнүнүн 85 жылдыгына арналган концерт маалында ырчы Махсун Кырмызыгүлгө 500 миң долларга бааланган алтын саатын белек кылган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: