Иллюстративдүү сүрөт
Азербайжандын Шабране шаарында полиция кызматкерлери адам өлтүргөн деген айып менен беш адамды кармашкан. Алардын ичинде молдо дагы бар. Бул тууралуу Азербайжан басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, маркум 1993-жылы туулган Баку шаарынын тургуну болгон, ал акыл-ээси оорулуу болгону аныкталган. 10-ноябрга караган түнү жигитти ижарага алынган батирде “жинин чыгарабыз” деп өлгөнчө сабап салышкан.
Маркумдун атасынын айтымында, ал баласын акыл-эсине келтирүү максатында молдого кайрылганын билдирген. Молдо өз кезегинде жигитке Куран окуп, дем салып көргөн, бирок ал жардам берген эмес.
Андан соң атасы башка молдого кайрылып, ага 400 манат (16 400 сом) берип, баласын жинден натыйжалуу жол менен, мисалы, таяк менен уруу жолу менен арылтып берүүнү суранган.
Жигитти ижарага алынган батирге алып келишип, молдо жинди чыгарганга чейин колу-бутун кармап турганга кошуналарын жардамга чакырган.
Молдо маркумду анардын бутагы менен сабап баштаган, атасы болсо жинди биротоло кетириш үчүн уулун катуу урууну суранган.
Жигит аны уруу убагында кыйналып, кыйкырыган, бирок эч ким аны аяган эмес. Натыйжасында ал ур-токмоктон алган шоктон каза болгон.
Кармалгандарга карата кылмыш иши козголгон, тергөө уланууда.
Кыргызчалаган:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ