Menu

Мира Ботбаева, профессор: «Эненин адилет сөзүн жерге калтырбагандардын иши жүрсүн»

Бөлүшүү:

– Кагылайын калайык-журт! Менин жашым бир кылымга жакындап бара жаткан инсанмын. Бүткүл өмүрүмдү билим берүү тармагына арнадым. Эли-журттун тынчтыгын тилеп, мамлекетибиздин өскөнүн, жаштардын келечегин тилеген чагым. Азыркы мезгилде Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсүнө салым кошкон жаш кадрлардын көбөйүп жатканы кубандырат. Президент Сооронбай Жээнбеков жетекчи кызматтарга жаштардын катарын көбүрөөк тартып жатканы мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Менин айтайын дегеним ошондой чыгаан жаштардын катарында келе жаткан Осмонбек Артыкбаев тууралуу. Ал бир нече жылдардан бери аты таанымал мыкты жигиттерибизден болуп, Жогорку Кеңештин депутаты жана мамлекеттик жооптуу кызматтарды аркалап келе жатканы белгилүү. Бирок учурда анын атына жалаа жабылып утурумдук камакта олтурганы чеки иш болуп калгандай сезилет. Себеби мен ал жигитти башынан бери жакшы билем. Ал коррупционерлердин капшабына жок жерден кабылып, жаманатты кылып жатышкандай сезип жатам. Жаш чагынан бери кимге болбосун жардамын аябай келет. Мектеп болобу, бала бакчабы, айылдык клубдаргабы, мечитпи деги кандай муктаждык болсо колунан келгенин жардам кылып, чоң колдоолорду көрсөтүп келгени коомчулукка деле маалым.

Жеке муктаждыктагы адамдардын ажаатын ачкан фактыларды санасак өгеле көп. Бирөөгө жардам гана берсем, жакшылык кылсам деген жигиттин алдым-жуттумга барбастыгы абзел го. Анын мырзалык таза пейилин, мекенчил атуулдугун да жакшы билем, көз алдымда өскөн балдардан эле. Азыр ден-соолугу начарлап, ооруп жатканын угуп абдан капа болдум. Эми менин ток этер сөзүм-акыйкаттык жеңип, ак иши менен жүргөн балдардын көңүлү сынбаса экен деген тилегим. Осмонбектей азаматтар али элибизге көп кызмат кылып бере турган татыктуу инсандар. Менин оюмча адилеттик менен карап, бийлик органдары дыкат изилдеп, Осмонбек Артыкбаевдин түз жүргөн ишин, өлкөгө, элге кылган ак кызматын эске алып, иши акталат деген тилекти айтмакчымын. Мен энемин, эненин сөзүн жерде калтырбагандардын иши жүрсүн!

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: