Түркияда аппеляциялык сот Wall Street Journal гезитинин журналисти Айла Албайракты актады. Бул тууралуу журналист Твиттердеги баракчасына жазды.
2017-жылы октябрда Айла Албайрак террордук пропаганда үчүн эки жылга соттолгон. Албайрак Түркияда тыюу салынган күрт жикчилдерин колдойт деп айыпталган.
Албайрак түрк жана фин жарандыгына ээ. Соттолгонго чейин ал АКШга чыгып кетүүгө үлгүргөн. Андан соң журналист апелляциялык сотко доо арыз менен кайрылган. Сот Албайракты актады.
Түркияда 2016-жылы болгон аскердик төңкөрүш аракетинен кийин өлкө президенти Режеп Эрдоган жүздөгөн гезит менен журналды, 30дан ашуун телеканалды жапкан. 2018-жылдын жай айына карата 140тан ашуун журналист, анын ичинде ЕБ жарандары түрмөдө болгон.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ