Бүгүн-15-ноябрда Жогорку Кеңеште 2017-жылдагы бюджеттин аткарылышы, 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору каралды.
Аталган мыйзам долбоорлору боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баяндама жасады. Андан соң суроо-жооп форматында талкуу жүрдү.
Жыйынтыгында бюджет тууралуу долбоорлор депутаттар тарабынан биринчи окууда жактырылды. Каттодон 102 депутат өтүп, баардыгы “макул” деп добуш беришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ