Menu

Кыргызстанда аялдардын ишкердик күнү белгиленет

Бөлүшүү:

Кыргызстан бүткүл дүйнөдө 19-ноябрда белгиленүүчү Аялдардын ишкердик күнүн майрамдоого кошулат. Өлкөнүн төрт шаарында: Бишкекте, Ошто, Караколдо жана Кара-Балтада 16-ноябрдан 23-ноябрга чейин БУУӨП колдоосу менен ийгиликтүү ишкер- айымдардын катышуусунда иш- чаралар өткөрүлөт.

Аялдардын ишкердик күнүн майрамдоонун негизги идеясы болуп аялдардын лидерлигин, жашоонун экономикалык деңгээлин жогорулатууну, ошондой эле Кыргызстандын аялдарынын жана кыздарынын руханий, жеке жана кесиптик өнүгүүсүн колдоо жана өнүктүрүү саналат.

“Women’s Entrepreneurship Day” глобалдык демилгеси бүткүл дүйнөдөгү аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган жана жыл сайын Бириккен Улуттар Уюмунун эгидасынын алдында 144 өлкөдө белгиленет. Ишкердик күнүнүн алкагында демилгеленип жаткан иш-чаралар келечекте аялдарга экономиканы өнүктүрүү жана чечим кабыл алуу процесстерине катышууга мүмкүндүк берүүчү лидер-аялдар, новаторлор жана ишкерлер коомун түзөт.

Аялдардын ишкердик күнү- көп учурларда көмүскөдө калып жаткан аялдардын жетишкендиктерин белгилөө гана эмес, тажрыйба алмашуу жана таанышуу үчүн аянтча түзүү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: