Menu

Тойгонбек Калматов, коомдук ишмер: «Ысырапкерчилик кыргыз коомчулугунун ачык душманы»

Бөлүшүү:

— Тойгонбек Зикирович, Кыргызстан, баарыбыз көрүп-билип тургандай, тээ орто кылым менен кошо 21-кылымдагы электрондук өнүгүү доору аралашып кеткен, сыртынан караганда формалдуу түрдө гана башкалардан артта калбагандай көрүнгөн коом экендиги талашсыз. Иш жүзүндө өлкөбүз жалпы кризстин терең түпкүрүндө калгандыгын эч ким жокко чыгара албастыр. Буга соңку чейрек кылымдан ашуун мезгилден бери үстөмдүк кылып келаткан коррупциячыл бийлик эле себепкерби?

— Суроо түшүнүктүү. Албетте, аш көп болсо каада көп дегендей, буга негизинен эскинин саркындысына негизделген кыргыз элинин консервативдик психологиясы да себепкер. Коомдук прогресс бир орунда турбагандыктан, менин оюмча, тарыхый өнүгүүнүн ар бир этабында: “кайдан келдик? Кайда жеттик? Кайда баратабыз?” деген жоопкерчиликтүү суроолор алдыңкы күчтөр тарабынан улам эске салынып турулууга тийиш. Мындан улам айтайын дегеним — ​ар бир этапта коомдун алдыңкы күчтөрү тарабынан каада-салт, үрп-адат сыяктуу нерселер эсеп-чоттолуп, ылайыгын тандап алып, эскиргенин же зыяндуусун четтетип жүрүп отуруубуз зарыл. Бул жааттта эч ким адашууга, жаңылышууга же жоопкерсиздикке жол коюуга акысы жок. Убагында Расул Гамзатов: “биз тарыхты тапанча менен атсак, келечек бизди замбирек менен атат” деп бекеринен айткан эмес да.

— Өлкөбүз эгемендүүлүктүн жолуна түшкөнүнө 30 жылга жакын убакыт өтсө да, каада-салтыбыз менен үрп-адаттарыбыздын коомдук өнүгүүгө сезилээрлик жолтоо кылып келаткандыгы өкүндүрөт…

— Албетте, заманбап аң-сезимди калыптандырууга, коомдук өнүгүүгө өбөлгө түзө турган үрп-адаттарыбызды, каада-салттарыбызды сактоо, өркүндөтүү ар бирибиздин милдетибиз. Ошол эле мезгилде коомубузга, дүйнөлүк цивилизациянын талаптарына жооп бере албаган адаттарыбыздын жана салттарыбыздын айрым бир учурларын кантип эле четке кагууга болбосун? Мисалы, аш берүү, жылдык өткөрүү сыяктуу, ошондой эле сөөк чыгарууда эпсиз чыгымдарга жол коюу сыяктуу көпчүлүк учурларда менменсинүүгө, атаандашууга негизделген ыксыз чыгымдарга жол койгон көрүнүштөр милдеттүү нормага айлангандыгы өкүнүчтүү. Же болбосо кыз узатууну алалы. Ортозар же оокаттуу жашагандарга бул нерсе проблема деле эмес. Бирок, кыргыздардын басымдуу көпчүлүгүн түзгөн жакырчылыкта жашаган социалдык категория үчүн бул жүк көтөрө алгыс, оор нерсе да. Мындай учурда кур намыс баш жарат дегендей, бул максатта банктан кредит ала коюп, шорго баткандар да сейрек эмес.

— Той го той экен. Сөөк чыгаруу учурунда кыргызды жылаңач калтырган каада-салтка не дейбиз…

— Маркумдун жакындары кайгыга батып турган мындай учурда кур намыска алдырган кыргыз жылкы союп, тажияны тойго айлантканы жанды кашайтат. Мындай куру намыска жетеленген зыяндуу көрүнүшкө чек коюуга эчак эле убакыт келип жеткен. Мындай талап шариятта да бар. Убагында Мухаммед пайгамбарыбыз сахабаларына “суу жээгинде даарат алсаңар да ысырапкерчиликке жол койбогула” деп бекеринен айткан эмес. Ал эми маңдай тер, мээнет менен табылган нерсени ысырапкорчулук менен төгүп-чачуу ого бетер күнөө экендиги өзүнөн өзү түшүнүктүү да. Биз бул жааттагы тартипти 6-, 7-кабаттан жана муфтияттан башташыбыз керек.

— Сиз өзүңүз ажыга барып келген, намазкан инсансыз. Тойгон ажы өзү, анын жакын туугандары каада-салтка кандай карашат?

— Жайында небере кызымды турмушка узаттык. Эки тараптан 150гө жакын киши катышты. Кудам да мурда ЖК депутаты болгон түшүнүктүү киши. Башынан айтып коёюн: спирт ичимдиктери болгон жок. Ар бир кишиге 2 литрден кымыз алдырдык. Жакшынакай тамак, каалоолор, ыр-күүлөр болду. 1 жылкы, 2 кой союлду. Дасторкон көтөрмөй, чүпүрөк жана белек алмашмай деген нерселерди алдын ала өз ара сүйлөшүп, токтоттук. Кудага бармай, келмей деген ысырапкерчиликке жол коймойлорду да жокко чыгардык. Үнөмдөлгөн каражаттардын баары баш кошкон эки жаштын жашоо шарттын жакшыртууга кетти.

— Убагында сиз депутаттыктан тышкары Президенттин алдындагы дин комиссиясын жетектегендигиңизди да билебиз. Ошол учурда каада-салт менен үрп-адатка байланышкан кээ бир ыксыз көрүнүштөрдү жөнгө сулуу аракеттерин көргөнсүзбү?

— Албетте, андай аракеттер болгон. Ысырапкорчулукту чектөө максатында муфтияттын жооптуу өкүлдөрү, аалымдар, коомдук ишмерлер катышкан талкууларды өткөрүп, жогорку инстанцияларга, жер-жерлерге бир нече жолу тийиштүү сунуштарды жибергенбиз жана колдоого ээ болгон. Бул жаатта ММКларды да пайдаланганбыз. Тилекке каршы, айрым атка минерлер, депутаттар, бизнесмендер ысырапкорчулукту спорт катары улантышып, атаандашышып, терс үлгү көрсөтүп келатышкандыктан, анын натыйжасында калктын басымдуу бөлүгүн түзгөн жалчы-жакырлар азыр да жабыр тартышууда. Өзүм ажы болсом да айтып кете турган нерсе — ​КПССтин убагында баары өз ордунда болоор эле. Партиянын чечимдери, токтомдору КПССтин 3 мүчөсү бар цехтерде да окуп үйрөнүлүп, кыйшаюусуз ишке ашырылчу. Азыр болсо демилгесиз, коомчулукка үлгү боло албаган бийликтин сөзүн уккан киши калдыбы…

— Эгемендүүлүк башталгандан бери 6-жана 7-кабаттардан аш-тойлорду, юбилейлерди өткөрүүнү кескин кыскартуу боюнча көп эле жолу тыюу салуулар, демилгелер жарыяланып келгендиги белгилүү да…

— Жогоруда айтып кетпедимби: бийлик өзү тескери үлгү көрсөтүп жатса эмне демек элек. Дагы бир айтып кете турган нерсе — ​соңку жылдарда райондордун, шаарлардын 80, 90 жылдыктарын өткөрүү деген ары керексиз, ары зыяндуу шумдук пайда болду.

— Мисалы…

— Мындан бир ай мурда өткөрүлгөн Ноокен районунун уюшулгандыгынын 90 жылдыгын белгилөөнүн маарекесин алалы. Биринчиден, айрымдардын архивден алдык дегендиктерине карабастан, Ноокен районунун уюшулгандыгынын 90 жылдыгы калп. Иш жүзүндө 83 жыл болгон. Аны өткөрүүгө ыктыярдуу кошмойлорду эске албаганда райондогу 9 аймактан жана Кочкор-Ата шаарчасынан жылкылар, көп сандагы койлор, 15 миң сомдон акча жыйналган. Күз күрөшү биякта калып эле карапайым элге, орто звенодогу чиновниктерге боз үй тигүү, көптөгөн конокторду тосуу, узатуу милдеттендирилген. Дегеле кереги бар беле мындайдын?

— Чакырган жерден калба деген эмеспи…

— Ага каршылык деле жок. Менин айтайын дегеним: жетимге жөтөлдүн кереги не дегендей, жакыр районго юбилейдин кереги барбы, деги?. Жоктон мажбурлап табылган акча негизинен арамтамактар менен даяркорлордун оюн-зоогуна, ичип-жегенине кеткендиги талашсыз да. Анчалык эле акча батпай кетип баратса, Кыргызстан боюнча социалдык көйгөйү эң көп аймактардын бири эсептелген Ноокен районундагы ФАПтарды, балдар бакчаларын, мектептерди, ичер суу тармактарын, жолдорду каржылык жактан бекемдөөнүн аракеттерин көрүшсө болбойт беле? Коррупциялашкан бийлик сыяктуу эле ысырапкерчилик да кыргыз коомчулугунун ачык душманы болуп калгандыгын эч ким тана албастыр. Ошондуктан, коомубузда тынчтык жок. Мындай терс жагдайларга молдолор сыяктуу эле 6-,7-кабаттагылар да ач кала тургансып, чечкиндүү каршылык көрсөтө албай жатышкандыгы өкүнтүчтүү.

— Мындай нерсе кошуна казак, өзбек, тажик туугандарда кандай болду экен?

— Казактын кыргыздан эмне айырмасы бар? Эч кандай айырмасы жок деп ойлойм. Ал эми өзбек менен тажикте жагдай таптакыр башкача. Алардагы бийлик да, диний чөйрө да, коомчулук да ысырапкерчиликти тозоктун жолу деп билишет. Ошондуктан, алар той-тополоңдорду, юбилейлерди, түрдүү маарекелерди ыгы жана чеги менен, ысырапкерчиликсиз өткөрүүгө үйрөнүшкөн. Мен муну казак, өзбек, тажик досторумдун көп экендигинен, алардагы акыбалды беш колумдай билгендигимден улам айтып жатамын. Бизде галстукчан уурунун мартабасы канчалык “бийик” болсо, ысырапкерчилик селди элестетет… Өзбекте да, тажикте да кыз-күйөөнү кыдыртууга 3төн ашык унаа чыкпайт. Аларда чакырылган коноктордун саны 200дөн ашпайт. Буга алардын президенттери чек койгон…

— Ашып кетсечи?

— Унааларга ГАИ дароо чара көрөт. Ал эми коноктордун санына той ээси менен тойкана же ресторан ээси түздөн-түз жооп берет. Коомдук комиссиялар аларда катуу турушат. Бир сөз менен айтканда, өзбек, тажик туугандарыбыз, досторубуз өздөрүнүн үлгүлүү жетекчилери тарабынан тартипке үйрөтүлгөн. Суктансак, үйрөнсөк болот.

— Кадам сайын чектөө боло берсе эркиндик, адам укугу — ​демократия деген нерсе кайда калат?

— Өзбекстан менен Тажикстандагы өнүгүү ылдамдыгы жана элдин турмуш жыргалчылыгынын деңгээли, ошондой эле прогресске шарт түзгөн мамлекеттик тартип биздеги “демократиядан” өйдө турат деп эсептейм. Бийлиги үлгү көрсөтүүнү билбеген өлкөдө мыйзам тартибин орното албаган, карапайым элдин көзүн боёгон “демократиянын” кимге кереги бар?! Бир чоң тойгонум — ​орто бай болгонум деп, кыргыз гана айта алат. Кошумча дагы бир айтайын дегеним: ысырапкерчиликке жол коюп, ыксыз көп ичип-жеген бул дүйнөдө ден соолугу менен жооп берээрин, тигил дүйнөдө жан азабы менен жооп берээрин молдо-бакшылар менен арам тамак чиновниктер тан албаса да, карапайым эл унутпоого тийиш…

Номанжан Аркабаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: