Menu

Нарын Айып, журналист: “Мына, биздин заманбап жаштар! Айына 230 миң сом айлык алганына карабай 5 млн сомдук насыясын төлөбөөнү башынан пландашкан”

Бөлүшүү:

«Мына биздин заманбап жаштар! Карапайым эл мындай турсун, алар мамлекетти да, коомду да ойлобостон, өздөрүнүн гана жеке кызыкчылыгын көздөйт. Өздөрүнө өздөрү насыя бөлүп, кийин аны өздөрү кечип коёт”, – деп жазган бүгүн, 16-ноябрда социалдык тармактардын бириндеги жаңы постунда белгилүү журналист Нарын Айып.

“2015-жылдын июнь айында Толкунбек Абдыгулов өзү жетектеген Улуттук банктан 5,5 млн сомду курулуш насыясы катары алган. 2017-жылдын 31-октябрында анын төлөнө элек 4 млн 824 миң сому кечирилген. Санап көрсөк, ал 2 жыл 4 ай ичинде бар болгону 676 миң сом төлөгөн болуп чыгат. Бул жалпы сумманын 12 гана пайызы”, – дейт журналист.

“Айына 230 миң сом маяна алган адам ай сайын 24 миң сом гана төлөп келген. Антип отурса, бул насыяны ал 19 жылда араң төлөп бүтмөк. Бирок ким азыр Кыргызстанда 19 жылга насыя ала алат? Он тогуз жылын карабаганда дагы, ал алган насыянын үстөк пайызы жылына болгону 5 гана пайыз же андан да кем болгон. Өлкөдө ким мынчалык жеңил насыя берет? Демек бул насыя башынан тартып эле кайтарылбай турган болуп берилген жана ошентип пландалган. Кайсы абийири менен айрымдар мындай аракеттерди мыйзамдуу деп эсептейт?» – деп суроо коёт Нарын Айып.

Асел Шамилова

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: