Menu

Жарандык активист “Атамбаевге суроо” деген ат менен акция баштады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-ноябрда жарандык активист Акбалык Жумалиева экс-президент Алмаз Атамбаевдин эртең, 19-ноябрда өзүнүн жеке менчик “Апрель” телеканалына бере турган чоң маегин утурлай “Атамбаевге суроо” деген ат менен виртуалдык акция баштады. Анда жарандык активист экс-президентке өзүнүн 7 суроосун жолдоп, башкаларды да #АтамбаевгеСуроо деген хэштег менен өз суроолорун жаадырууга чакырган. Активисттин постту биринчи эле мүнөттөрдө активдүү талкууга түшкөн.

Урматтуу достор, эртең Атамбаев өзүнүн “Апрель” каналынан маек берет. Келгиле, биз ага Фейсбук аркылуу суроо берели.#АтамбаевгеСуроо деген хэштег менен. Биринчи элдин суроосуна жооп берсин, анан актансын. Атамбаевдин башка жоопторуна суусаган жерибиз жок. Анда суроону мен баштап берейин.

1. “Лигласс” афера келишими үчүн эмнеге эч ким жазаланган жок?

2. “РусГидро” Кыргызстанга берген 37 млн доллар жок болду, ал кайда кетти? Ким жеп койду, ачык айтыңыз!

3. ТЭЦтен уурдалган миллиондор кайда?

4.Тарых музейинен уурдалган миллиондорду неге жашыргансыз, ага ким күнөөлү?

5. “Жүк кимдики?”, Дача Су

6. Батукаевди ким качырды, эмнеге унчукпайсыз?

7.Ош кандуу окуясынын күнөөкөрү, миңдеген күрмандыктардын себепкери Кадыржан Батыровду неге качыргансыз? (Батыров өзү айткан, Атамбаев чыгарган мени деп). Аны менен үч жолу жолугупсуз, эмне деп сүйлөшүү болгон?

8. “Белизгейт” жалган болсо, А.Сегизбаевди жазалайм дегенсиз, эмнеге убагында жазалаган жоксуз? Азыр Сегизбаев ошол күнөөсү үчүн камалуусу керекпи?

9. Өмүрбек Текебаевге жалаа жапкан сиздин жакыныңыз, Маевский камалды, азыр уяласызбы ошол үчүн?

Мына, менде ушундай суроо. Эстафетаны башкаларга узатам. Хэштегди унутпагыла!

(Автордун стилистикасы менен орфографиясы сакталды)

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: