Menu

Орусияда Казакстан жана Өзбекстан жарандары бараткан автобус поезд менен кагылышты

Бөлүшүү:

Орусиянын Саратов облусунда казакстандык жана өзбекстандык жарандар бараткан автобус поезд менен кагылышты. Бул тууралуу казакстандык ММКлар кабарлоодо.

Казакстан Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, авариядан айдоочу менен анын жардамчысы аман калган, экөө тең Казакстан жарандары. Алардын абалы оор.

Автобуста беш жүргүнчү – Өзбекстан жарандары болгон. Маалыматтар боюнча, алардын баары мерт болду.

Жол кырсыгы 17-ноябрда Озинск районунда катталган. Саратовдон Оролго бараткан автобус темир жол өтмөгүндө поезд менен кагылышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: