Кечээ, 18-ноябрь күнү кыргыз футбол курама командасынын капитаны Азамат Байматов Жибек аттуу бийкечке баш кошту. Кыз узатуу тою борбордогу тойканалардын биринде болуп өттү.
Азаматтын арзыганы Жибек Бейшеева 21 жашта. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенти. Ошондой эле ал П.Ф.Шубин атындагы музыкалык мектептин бүтүрүүчүсү болуп эсептелет. Той эки жаштын туугандары, жакындары, достору жана белгилүү ырчылардын катышуусунда өткөн. Азаматтын жакын досу, Тамашоу лигасынын президенти Эрмек Нурбаев өзүнүн инстаграм баракчасына: ” Досубузду турмуш жолуна узатып жатабыз. Сөз ташыбай, төш ташыган күйөө балдардан бол!”,-деп тамаша ирээтинде куттуктоо сөздөрүн жазган.
Айта кетсек, азыр футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Японияда машыгууларды өткөрүүдө. Эртең Азиянын эң күчтүү курамаларынын бири болгон Күн чыгыш өлкөсүнүн футболчулары менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Тилекке каршы, кыргыз курамасынын көзгө басар оюнчуларынын бири жана команданын капитаны А.Байматов жаракат алып, дарыланып жатканына байланыштуу команданын акыркы оюндарына катыша албай келүүдө.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ