Menu

Ракия Рахматова, “Сезим” кризистик борборунун адвокаты: Чет жактан тезирээк акча табууга ашыккандар кулчулукка кабылышат

Бөлүшүү:

Миграция күч алды. Ата мекенинен бакыт таппай, алыскы өлкөлөрдү көздөй миллиондогон мекендештерибиз агылып кетти. Алардын канчасы кулчулукка кабылганы жана өз мекени, ак мөңгүлүү Ала-Тоосу көздөн учуп атканы жашыруун эмес. Алданып калып, сексуалдык күңгө айланып калган кыздарыбыз канча? Илим, техника өнүгүп, байланыш бекемделген бу заманда кантип эле кул болуп калсын? Эч ким мындай олуттуу кырсыктан корголгон эмес. Болгону, ар бир адам өзүнө жана жакындарына дал ушундай тагдырга туш болуп калбашы үчүн маалыматтарды билип, өз укуктарын коргоо үчүн кайда кайрылса болорун ойлоно жүрүшү шарт.

Изилдөөлөргө караганда, адам сатуу бул баңгизаттарды жана курал-жарактарды сатуудан кийинки эле экинчи орунда турган чоң оборотторду жүгүртүүчү кылмыштуулук. Бириккен Улуттар Уюмунун берген маалыматына ылайык, кылмыштуу топтор адам сатуудан жылына 30 миллиард киреше табышат.

Адамдын денесинин бөлүктөрүн, органдарын тартып алуу жана аны сатуу да ушул кылмыштуулуктун түрүнө кирет. Жакында эле Бишкектин милициясы сегиз гинекологду «ымыркай саткан» деп айыптап, колго түшүргөн. Бүгүнкү күндө кылмыш иши козголгон сегиз дарыгердин иши иликтенип жаткан кез. Бул биздин бүгүнкү күнүбүздө бизге аралашып, төрөтканаларда төрөт кабыл алып жүргөн адамдар. Айтор, бүгүнкүнүн чоң көйгөйү болгон адам сатуудагы белгилерди жакшы байкап, баамчыл болуңуздар.

– Чет жакка чыгып жаткан адамдар кулчулукка кандай себептерден улам кабылышат? Баардык эле учурда алар туш болгон окуялар окшошпу?

– Тилекке каршы, алданып калуунун жалпы окшош жагдайлары бар. Бирок, өзгөчө учурлар дагы болушу мүмкүн. Негизинен жумушсуздуктун айынан чет жерде жакшы акы төлөгөн жумуш беребиз» деген сунуштар айрым адамдардын башын айлантып, шек саноосун жок кылып коёт экен. «Акча таап, тезирээк иштей калсам» деген гана ой басып калат. Анүстүнө дал ушул адам сатуу менен алектенгендер маалыматы жок, карапайым адамдардын ишеничине кирип, атургай «жол кирең жок болсо мейли, өзүбүз алып барабыз, айлык алганда төлөйсүң» деп торго илип, чек арадан алып чыгып кеткен соң, кара ниет иштерин жасап, алардын документтерин алып коюп, кулчулукка сатып салууда.

– Кулчулукка кабылып, арадан жыйырма жылдай убакыт өткөндөн кийин табылгандар бар. Алардын кадимки жашоого аралашуусу оор болсо керек?

– Ал адам кабылган жагдайга жана психологиялык ички ресурстарына жараша болот. Бирок, эмгек же сексуалдык кулчулукта болобу, адамдын өзүн-өзү баалоосу төмөндөп, басмырланып, коркуп, катуу стресс, депрессиялык абалда болгондуктан, дароо эле баарын унутууга кудурети аз. Ошондуктан, акырындык менен бул абалдан чыгарып, жашоого болгон кызыгуусун арттыруу зарыл. Айрыкча ушундай кыйын жагдайда үй-бүлө мүчөлөрү, жакын адамдарынын аларга болгон жылуу мамилеси, түшүнүү менен аларга жардам берүү аракеттери аябай зарыл. Тилекке каршы, айрым учурда сексуалдык кулчулукка кабылган кыз-келиндерди жакындары түшүнбөстүк менен кабыл алып, алардан баш тартышы абалды оорлотот.

Кулчулукка аялдар менен балдар көп сатылат

Азыр дүйнөдө жылына 800 миңге, Кыргызстандан 20га жакын адам мамлекеттик чек аралар аркылуу мыйзамсыз алып өтүлөт, алардын көпчүлүгү аялдар жана балдар. Алар негизинен ар башка кара жумушта же күң болуп эркине каршы иштетилгендиктен, бул көрүнүштү толук негизде «кулчулук» деп эсептеш керек. Кыз-келиңдер көбүнчө сексуалдык күңгө айланат.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: