Menu

Каныбек Исаков реформатор министр боло алат…

Бөлүшүү:

Каныбек Исаков биздин республикабыздагы билим берүү тармагында көп жылдардан бери иштеген, ак эмгегинен барк тапкан мыкты жетекчи, күчтүү ректор болгону талашсыз.

Ал белдүү окумуштуу, көп жылдык бай тажрыйбасы бар, уюштургуч ректор.

2011-жылдан бери Кыргызстандын түштүгүндөгү эң барктуу, мыкты жогорку окуу жай делген Ош мамлекеттик университетинде ректор болуп иштеп жүрдү Ушул жылдар арасында бир да жолу анын коррупциялык иштерге аралашканы туурасында сөз да болгон жок.

Каныбек Исаков, ОшМУнун ректору болуп иштеп жүргөн кезде, окуу жайдын рейтинги кыйла өстү. Жаңы имараттар, окуу корпустары салынды. Окуу системасында жаңылануунун жаңы сапаттарын көрсөтүп, жаңы муундун кадрларын өстүрүп, өзүнүн күчтүү реформатор экенин көрсөтө алды. Эми ошол алгылыктуу иштерин республикалык масштабда жайылтып, көрсөтө алат деген ойдобуз.

Эң башкысы, Исаков табиятынан таза жетекчи экени белгилүү. Бул касиет жаңыдан гана министр болгон адам үчүн чоң олжо эмеспи.

Жаңыдан гана министр болгон Каныбек Исаковго алдыда жасай турган иштерине ийгилик каалап кетебиз.

Ж.Асанов, Бишкек шаары

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: