Социалдык тармактарда 17-ноябрда Баткенде аңчылыкта болгон прокурорлордун сүрөтү пайда болду.
Кээ бир маалыматтарга караганда, аңчылыкта Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдон сырткары (ак бут кийим менен ортодо турган) анын эки орун басары, эки башкармалыктын жетекчиси жана дагы бир прокуратура кызматкери, ошондой эле, Баткен облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси М.К. дагы болгон.
Аңчылыктан кийин А. Мамажакыпов киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Белгилүү болгон маалыматка караганда, ал кечки тамактануудан кийин “Лексус 470” үлгүсүндөгү унаага Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси М.К. менен чогуу түшкөн.
Аталган М.К. прокурордун өлүмү боюнча шектүү катары кармалып, азыр убактылуу камакта.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ