Menu

Кыргызстанда 2 миң мечит бар экенине ишенбеген депутат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Ишеним эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору талкууга алынды. Депутат Жылдыз Мусабекова (КСДП): “Эгемендик алганы дин менен чегарага кайдыгер карап келдик” деди. Депутат Бактыбек Турусбеков Кыргызстанда канча диний мекеме бар экенине жана аларды ким текшерип жатканына кызыкты.

“Кыргызстанда 2 669 мечит, 1 синегога, 233 чиркөө катталган”, – деди дин иштери боюнча мамкомиссиянын директору Зайырбек Эргешов. Ж.Мусабекова Бишкекте 57 жаңы конуштар бар экенин, бардыгында чоң мечиттерден тышкары ар бир көчөдө намазкана, медреселер, кыз-келиндердин өзүнчө диний мекемелери бар экенин, ошондуктан эки миң мечит эмес, андан кыйла көп экенин айтты. Депутат имамдардын иштөө сапатын көзөмөлдөө керектигин кошумчалады. З.Эргешов азыр муфтият дайындаган 2800 имам бар экенин, алар “Ыйман” фондунан аттестациядан өтүшкөнүн, медреселер менен ислам окуу жайларында жалпы сабактар да окутуларын айтып өттү.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: