Бүгүн, 20-ноябрдан 23-ноябрга чейин борбор шаардын кээ бир аймактарында көгүлтүр от өчүрүлөт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, оңдоп-түздөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу, төмөндөгү райондордо:
19унан 23-ноябрга чейин-ЧЧК , Тоголок Молдо, Щербаков жана Орозбеков көчөлөрү менен чектелген аймакта;
20сынан 23-ноябрга чейин-“Щербаков”, “Салам Алик”, “Көлмө” конуштарында; Малышев, Куренкеев, Вторые черепки көчөлөрүнүн чектелишинде, Беломор чолок көчөсүндө, ЧЧК, М.Ганди, Саадаев, Ак-Тилек; №46 орто мектебинин жана “Геодезия -1” от казанында көгүлтүр от убактылуу өчөт.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ