Menu

Видео – Кундуз Жолдубаева: «Сотко Атамбаевди күч менен алып келишет экен» дегенди уккан тарапкерлери экс-президентти колдоп келди”. Чынында 20дай улгайган тарапташтары олтурду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-октябрда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча баштапкы соттук отурум жабык эшик артында экс-президент Алмазбек Атамбаевсиз башталды. Мындай маалыматты Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев тыныгууда билдирди. Анын айтымында, Атамбаев «баштапкы соттук отурумду менсиз эле өткөрө бергиле» деген арыз жазып берген. Сот болсо ал арызды канааттандырган.

Биринчи май райондук соттун имаратынын алдына бир топ улгайган 20дай адам (аялдар көбүрөөк) отурду. Көрсө, алар Атамбаевдин тарапташтары экен. Алар камерадан качып, тарттырбай, сүйлөнүп журналисттерди жаман көрүп жатышты.

Алардын жана өзүнүн жагдайын, Атамбаев тууралуу КСДПнын мүчөсү, учурда 7-8-авгусста Кой-Таш окуясы боюнча суракта жүргөн Кундуз Жолдубаева айтып берди. Аны төмөндөгү видеотасмадан көрүңүз:

Эске сала кетсек, 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы хан сарайынан  УКМКнын Атамбаевди кармоо операциясы жүрүп, ал ишке ашпай калган. Атамбаевдин тарапташтары каршылык көрсөтүп, кагылыш болуп, бир канча адам жаракат алып, полковник Үсөнбек Ниязбеков окко учуп, каза болгон. Башынан оор жаракат алып, эки жолу операция болгон Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов учурда Москвада дарыланып, эми өзүнө келүүдө.

8-августта Атамбаев колго түшүп берген. Тагырагы, ал андагы ИИМ министринин орун басары Курсан Асанов менен сүйлөшкөн соң, колго түшүп, УКМКга жеткирилген. Машинага чогуу Кундуз Жолдубаева да түшүп, ИИМге жеткирилген. Ошондогу Кой-Таштагы окуя боюнча учурда сурак берип жүрөт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: