Японияда 11 жаштагы мектеп окуучусу университеттин математика бөлүмүндө окуган студенттерге берилчү тесттен өттү. Муну менен ал эң оор эсепти чыгарып, рекорд койгон эң жаш математик болуп табылды.
Хирото Такасаки Токиодо жашайт, ал мектептин 5-классынын окуучусу. Математикага 3 жашынан тартып эле кызыгуусу арткан. 5 жашында математика боюнча улуттук тесттин бардык этаптарынан өтүү үчүн даярдана баштаган. 7 жашында Такахаси 11-класстын окуучулурына берилчү 3-деңгээлдеги тесттен ийгиликтүү өткөн. Бир жылдан кийин 2-деңгээлдеги текстти да эң жакшы баада тапшырган.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ